Мыйзамсыз байыгандарга чабуул башталганы Улан Примовдо уйку жок…

473

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов тууралуу сайтыбызга бир эмес, бир нече ирет жазып келебиз. Бир үн катып кое элек. Демек, унчукпаганы биздин жазгандарын баарына «макул» дегени да, туурабы?! Кайсыл бийлик келбесин колтугуна башын тыгып күн кɵргɵн Бердибаевич бул ирет да эптеп байлыгын сактап калуунун аракетинде чуркап жүрɵт. 5-октябрь күнү түн уйкусу бузулган. Мурунку кожоюну Асылбек Жээнбековду 6-октябрь күнү эле саткан. Азыр жаңы «шеф» издɵɵ менен убара. Ош жергесинде, айрыкча Алай районунда Примовдорго анча жылуу пикир жок. Элдин байлыгын эсепсиз казып, тоо-кендин баарын менчиктеп алган буларды кустурууга мезгил жетти. Кезинде «Бел-Алма» кени боюнча дагы ызы-чуу кептердин учугу чыкты эле. Эми ошол сɵздɵрдү иликтеп, юридикалык баа бергенге убакыт келди го. Улан Бердибаевич, элдин ырысыкысын жегендер кусуп атат, кандай дейсиз?

ЧЫНДЫК

0