Эске сала кетсек, ЖК депутаты, көпчүлүк кыздардын сүймөнчүлүгүнө айланган Жаныбек Абиров бейбаштык кылып, бирөөнүн алмончоктой баласын сабап, ал видео тарап, чоң талкуу болгон. Ошол окуядан кийин көпчүлүк шайлоочулар “чоң муштум” депутаттын “депутат болуп олтурууга моралдык укугу жок, мандатын тапшырсын” – деген чакырыктарды таштап, социалдык тармактарда бул тема кызуу талкууга алынган.
Ошондон кийин Башкы прокуратура ЖКга депутатты жазага тартуу боюнча өтүнүч киргизген. Комиссия түзүлгөн. Себеби мыйзам алдында баары бирдей жана мыйзам баарын бирдей иштеш керек! Жоопкерчиликтүү болуу зарыл. Бирок Абиров комиссиянын чечимин күтпөстөн өзү арыз жазып кетүүгө аргасыз болду.
Чындап эле намыстанып, күнөөсүн мойнуна алдыбы же башка себеби барбы ким билсин? Аны да бир күнү ачыктаар…
