Моюнга минген монополизм, Кеңеш Тайлаковдун санаасы жайындабы?

301

Баалардын өсүшү мыйзам ченемдүү, инфляция, базар экономикасы деген кептер бар. Айрым учурда «Базар баасын биз көзөмөлдөй албайбыз» дешет. Арийне, бизде Ɵкмɵттүн алдындагы монополияга каршы жɵнгɵ салуу мамлекеттик агенттиги деген бакандай орган бар. Жетекчиси Кеңеш Тайлаков. Бирок, бул монополияга каршы күрɵшүү тармагыбыз ɵзү эмне иш кылат? Бар органбы же кагаз жүзүндɵ эле иш алып барган тармакпы? Маселе ушул жерде. Эгер мамлекетте бааны көзөмөлдөй албаса, анда бул органдын, анан да Кеңеш Доскуловичтин бизге кандай зарылчылыгы бар? Дегеле, элдин таламын талашып үн катканын кɵрɵ элекпиз бул тармактын. Баары түшүнүксүз кагаз жүзүндө жана жеӊ ичинде жүргүзүлгөн макулдашууларга ыктаган бул орган өлкɵдɵгү бааны кɵзɵмɵлдɵйбү же алчусун алып коюп эле үн катпай олтура береби? Балким, Тайлаковдун санаасы жайындадыр, бирок, элдин санаасы жайында эмес болуп жатпайбы? Алсак, бүгүн күркүрɵгɵн күздүн күнү кадимки ɵзүбүздɵн ɵндүрүлгɵн эттин баасы асмандап кетти. Тиешелүү агенттик «эмне кымбаттап атат, ага эмне негиз болуп атат?» деген суроолорго жооп берип, жок дегенде элди алдап койбойбу? Же ушуга да Тайлаковдун акылы жетпейби? Же бул эргул акча санап, ар жерде кумшекер, чайга, кум-цементке коюлган, күйүүчү майга коюлган, базардагы орундарга коюлган, жана башка ушу сыяктуу, кыскасы чөнтөгүнө акча түшүрө турган жаатты гана карап, элдин кызыкчылыгын эске албайбы?

Булак:Де-Факто

0