Москвада кыргызстандыктын 100 миң долларын тоноп кетишти

289

Москвада Литовский бульварындагы банктын филиалынын жанында кыргызстандык жаранга тоноочулук жасалган. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар тапанчадан ок атып, ичинде 100 миң доллары бар баштыгын алып кетишкен.

“Полиция кылмышка шектүүлөрдүн бир кармалганын билдирди”, – деп жазат ЖМК.

Белгиленгендей, кол салуу алдын ала пландалган.

0