Молдокматов: Мен суу ресурстарын коңшу мамлекетке берип салуу маселесине каршы чыгып, элдин кызыкчыглыгын коргогондугум үчүн камакта отурам

820

— Эски саясатчыларды камакка алуулар болуп жатат. Көпчүлүгү акчасын төлөп, бошоп кетишти. Алар да силер менен соодалашыштыбы?

— Кармалгандардын көпчүлүгү коррупцияга шектелүүдө. Буга ылайык, аларды сатып алгандан башка арга жок. Мени саясий көз караштарым, билдирүүлөрүм жана ишенимим үчүн мени камашты. Мен ар дайым акыйкаттыкты туу тутуп карапайым элдин оюн билдирип келгендигим үчүн оозумду жаабууга ушундай жолду тандап алышты. Бул чоң жаңылыштык. Элибиз: “Ак ийилет, бирок сынбайт” деп айтып келишкен. Биздин актыгыбызды, малмекетке, жалпы эле коомчулукка эч кандай зыян келтирбегенибизди мезгил өзү көрсөтөт. Дагы кайталап айтайын, мен суу ресурстарын коңшу мамлекетке берип салуу маселесине каршы чыгып, элдин кызыкчыглыгын коргогондугум үчүн камакта отурам. Биз эл менен бирдикте бир нече стратегиялык маанилүү суу сактагычтарды коргоого жетиштик. Алар мени менен соодалашкан жок, анткени алар менин бекем жана бузулбас позициямды билишет. Өлкөдө бардыгы эле сатыла бербейт. Мына ушуну эске алуу керек.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов абактан VESTI.KG маалымат порталынын суроосуна жооп берди, үзүндү.

+1