Эки жарым ай мурун куралган ɵкмɵттүн курамында Айыл-чарба министрлигинин тармактары абдан кеңейгени маалым. Ирилешкен чоң тармактын башына пенсияга жашы жетип калган, мурун да бир жыл ушул тармакты тескеп кеткен 57 жаштагы Аскар Жаныбеков министр болуп келгенин билесиңер да. Аскар мырза ɵзүнɵ караган тармактарынын так багытын али күнчɵ аныктай албай олтурганын айтып сынга алышууда. Жаз келди, талаачылык иштер кызуу жүрүп атат, бирок, министр мырзадан «кординалдуу» кадамдарды кɵрɵ албай жатабыз! Ири тармакты тескеген министрибиз «эт менен челдин» ортосунда олтурганы жашыруун эмес. Чын чынына келгенде Президентти ээрчип алып чет ɵлкɵнү кыдырганына кубанып эле олтурат министр Жаныбеков.
Урматтуу Аскар мырза! Министр катары иш алып баруу бир чарбаны башкаргандай иш эмес. Министрлик баягы 2012-жылы сиз иштеген учурдай эмес кеңейген. Сиз ойлогондой бир жылкы фермасы же тоок баккан чакан чарба эмес. Абдан чоң тармактын эки тизгин, бир чылбыры сиздин колдо экенин унутпаңыз! Ɵлкɵнүн локомотиви боло турган айыл-чарба тармагындагы чоң жоопкерчиликти сезе билиңиз министр мырза! «Жаздын бир күнү бир жылды багат», -деген сɵз бар. Анын сыңарындай дыйкандарга ар тараптан колдоо кɵргɵзүп, жок дегенде арзан баада күйүүчү май алып келип бергенге жардам кылыңыз!
Булак:Де-Факто