КРнын президентти
С.Н.Жапаровго
КРнын башкы прокурору
К.Т.Зулушевге
КРнын УКМК торагасы
К.К.Ташиевге
Кайрылуу кат…
Урматтуу өлкө башчылары! Сиздерге сый, ишеним менен кайрылуу жөнөтүп жатабыз!
Биз Россиянын Ростов на Дону шаарындагы кыргыз ынтымагы биримдиги, аксакалдар коому, бизнес чөйрөсүндөгү жана жалпы мекендештердин атынан; ушул жерде он жылга жакын бирге жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун түшүнүксүз абалда тергөөгө алынышы тынчсыздандырат жана ойлондурат!
Зулпукаров бөтөн элде жүрүп жаштарга бизнес алиппесин үйрөткөн, элге кам көрүүнү баштаган, мекендештердин ынтымагына он жылдай салым кошкон инсан катары билебиз!
Биз алыста саясаттан алыспыз, ким кимдин командасында экени кызыктырбайт, элге эмгегин көрсөткөндү жактайбыз!
Т. Зулпукаровду кандай камалганын билбейбиз, бирок ак ниет, чынчыл, адилет, эмгекчил адам катары баалайбыз. Эгер күбөө катары же себепчи болдубу чындыгында бийлик бутагына өз күрүчү менен барды, жетти.
Эми алыстагы мекендештердин эмгегин, жашоосун, өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алып, Т.Зулпукаровдун тергөө ишине адилеттүү чечим менен оң жагына чыгарып берүүңүздөрдү суранабыз!
Өзгөнүн элинде аш жегенче, өз үйүңдө атала ичкен артык дейт го! Өз уул-кыздарыңыздардын суранычын эске алгылыңыздар!
Ростовдогу кыргыз ынтымагы биримдиги, аксакалдар жамааты, жаштар уюму.
Россия. Ростов на Дону шаары. 08.06.2021 жыл.