Коом бузулду. Ар кайсы ишке башын тыга берген активист чалыштар, ɵздɵрүн «коомдук ишмер» атап алган «коко тикенектер» азыр иттин кара капталынан. Анан да технологиянын ɵнүккɵн доорунда «мен блогермин» деп туш келди акыл парасаты жетпеген маселелерге башын тыга бергендер, анан «түз эфир кылам» деп кайсыл жерге болбосун соткасын кɵтɵрɵ чаап ой келди соткага тартып аны интернетке тараткан «вирустар» коомду иритип бүтɵ турган болду. Ушундай «ɵтɵ акылдууларды» тизгиндей турган, аларды ийге келтирип тизгиндеп тура турган мыйзам болбосо ашмалтайып чыгып бүтɵ турган болуп калдык. Маселен, мындан бир жума мурун Чүй облустук сотунун кайсы бир иш боюнча отурумунда ɵздɵрүн активист атап алган «ОБОН» катындардын жоон тобу, мыйзамды билбей эле ар нерсени соткага тартып интернетке чыгарышты. Толук угуп кɵрсɵңүз эмне деп дɵɵрүп атканын деле түшүнбɵйсүң! Ал видеодо акылдуусунган «ОБОНдор» Чүй областтык сотунун тɵрагасы Есекеев Керезбек Сүйөркуловичти жана судьялар деп Нурлан Айтмырзаев менен Ирина Воронцовалардын атын атап жамандап, башынан ылдый жугунду куюп атышат. Ал кɵчɵ катындарынын айткандарын угуп олтурсаң, алар соттук ишти соткага тартышы керек экен, анан соттук иштин жыйынтыгы менен чыга турган аныктама же чечим дейбибизби ошону сотук иш каралып бүтɵɵрү менен колдоруна карматыш керек экен. Эми мыйзамдуу жолдо кандай?! Биринчиден, видеого тартыла турган иш болот, тартылбай турган иш болот. Эгер сот отурумунун башында сот тартууга уруксаат бербесе анда миң балекет «ОБОН» катындар келсе дагы тартылбайт. Эгер уруксаат берилген болсо анда ал башка кеп. Ал эми соттук отурумдун жыйынтыгы менен бериле турган аныктама отурум бүтɵɵрү менен берилбейт, ɵздɵрүнүн берүү убактысы бар. Сот иш боюнча чечимди ооз эки окуп, жыйынтыктаган соң, ошол жыйынтык жазылган аныктама же чечим компьютер менен жазылып, катоого алныып, анан тиешелүү адамдарга бериле турган жобо бар экендигин билбей албууттанган катындар мыйзамдын «М» тамгасын түшүнмɵк беле?!
Аны менен катар тиги акылдуусунган ажаандар: «Бизди сот залынан чыгарып салды», — деп догурунуп атышат. Сотко кирип алып тынчтык бербей кыйкыра бергенден улам сот чыгарып салганын айткысы келбейт. Булар сот болгон сайын келип ызы-чуу салып кɵнүп алышкандар экен. Ошолордун айынан ушул иш дээрлик 3 жылдан бери бүтпɵй созулуп келе жатканын билдик. Булардын тоскоолдуктарына карабай ишти калыс карап берген Керез Эсекеев башында турган сотторго ыраазычылык билдиргендер болду. Ушундай «вирустардан» эртерээк арылбасак болбойт!
Чындык.Медиа