Мариуполь жана “Азовсталь” заводу Россиянын толук көзөмөлүнө алынды

181

Россиянын Коргоо министрлиги Мариупол шаары жана андагы “Азовсталь” заводу орус аскерлеринин көзөмөлүнө өткөнүн билдирди. 16-майдан бери Мариуполду коргоп жаткан 2439 украиналык аскер “куралын таштап, багынып берген”. Орус тарап 20-майда алардын 531 адамдан турган акыркы тобу чыгарылганын маалымдады.

Алардын мындан аркы тагдыры белгисиз. Украинанын Коргоо министрлиги “Азовсталдагы” аскерлерди алмашуу жолу менен мекенине кайтарууну пландап жатканын билдирди.

Эки жарым айдан ашык убакыт багынбай, каршылык көрсөтүп келген “Азовсталь” заводундагы аскерлер 16-майдан тартып Украинанын жикчилдер башкарып турган аймактарына жана Россияга чыгарыла баштаган. “Аскердик туткундар” андан ары абактарга киргизилип жатат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский мындай чечим аларды аман алып калуу үчүн кабыл алынганын айтып, “украин жоокерлери кийин колго түшкөн орус аскерлерине алмаштырыларын” айткан. Москва аларды “багынып бергендер, аскердик туткундар” деп атап жатат.

Думада болсо “Азов” полкунун аскерлерин Украинага өткөрүп бербөөгө чакыргандар болууда. 17-майда Россиянын Башкы прокуратурасы Украинанын “Азов” полкунун террордук уюм деп таанылып, анын өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө тыюу салуу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылганы белгилүү болду.

“Азов” полкунун жана башка украиналык бөлүктөрдүн аскерлери марттын башынан бери камоолдо жаткан Мариуполдогу “Азовсталь” металлургия комбинатында каршылыгын улантып, ушул убакка чейин курчоодо жаткан.

“Азов” түзүмү 2014-жылы ыктыярдуу батальон катары түзүлгөн, анын башында ашынган оңчул активисттер турган.

Заводдун алдында жашап жаткан 500дөн ашуун жайкын тургун, карылар, аялдар жана балдар Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен мурдараак эвакуацияланган. 

0