Мариуполь шаарындагы урандылардын алдынан тажик жаранынын сөөгү табылды

199

Орусия басып алган Украинанын Мариуполь шаарындагы урандылардын алдынан 42 жаштагы Тажикстандын жараны Шамсиддин Жалиловдун сөөгү табылды.

Жакындарынын айтымында, Жалилов Мариуполдо жашачу жана шаарга орус аскерлери киргенден кийин дайынсыз жоголгон.

“Шамсиддиндин тек-жайы документтери боюнча аныкталган. Аны сөөгүнөн таануу таптакыр эле мүмкүн эмес болуп калган”, – деди сөөктү мекенине алып кетүү үчүн Украинага барган маркумдун бир тууганы Хомид Жалилов.

Ал Шамсиддиндин кандай жагдайда каза болгону белгисиз бойдон калып жатканын кошумчалады.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Мариуполь шаары көптөгөн апталар бою орус аскерлеринин курчоосунда туруп, майдын ортосунда гана оккупацияланган.

0