Мамлекеттик ипотекалык компаниянын баштапкы капиталы 13,3 млрд сомду түздү

255

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын баштапкы капиталы 13,3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

– 2016-жылы – 310 млн сом (уставдык капиталды түзүүнү эсепке алуу менен 10 млн сом);

– 2019-жылы – 100 млн сом;

– 2021-жылы – 5,3 млрд сом;

– 2021-жылы каралган каражаттардын 500,0 млн сому;

– 4 млрд сому “МИК” ААКтан алынган финансылык каражаттар, мурда алынган кредиттер боюнча карыздарды жабуу үчүн;

– 2022-жылы – 3,8 млрд сом;

“МИК” ААКнын уставдык капиталына салым катары 99,2 млн сом суммасында турак жай объектилери которулган.

2 кабаттуу үй, 1,5 млрд сом өлчөмүндөгү жер тилкелери “МИК” ААКнын уставдык капиталына салым катары которулган.

– 2023-жылы (январь-май) – 2,2 млрд сом.

0