Ош шаарында ала качып барган кыз отурбай койгону үчүн сары изине сая түшүп өлтүрөм деп коркуткан. Бул тууралуу жабырлануучу кыз массалык маалымат каражаттарына кайрылууга аргасыз болгон.Жабырлануучу кыздын айтуусунда Ошто бир нече жылдан бери кассир болуп иштеген. Анын жумушуна бейтааныш жигит тынбай келип аны менен таанышууга аракет кылып жүргөн. Аты Бекзат болгон. Жигитке көңүлү чаппаган кыз аны менен мамиле түзүүдөн баш тарткан.Жолугушуулардан баш тарткан жабырлануучуну жумуштан чыкканда үч жигит менен күчкө салып машинага салып кеткен. Жолдо катар каршылык көрсөткөнүнө карабастан Ноокаттагы үйүнө алып барышкан. Күйөө болуучу жигиттин ата-энеси кыздын каалоосу болбогонун жана ушундай кылмыш иши козголорун айтып кызды кайра үйүнө жеткиришин айткан.Жолдо ичимдик ичкен Бекзат кыздын ата-энесине анын телефонунан чалып мен алакачып кеттим деген. Апасы кызын үйгө алып келбесе милицияга кабар берерин айтып мажбурлаган. Бул сүйлөшүүдөн кийин кызды жумушунун жанына таштап кетишкен. Жабырлануучу Ак-Буурадагы милиция бөлүмүнө кайрылганда алар Бекзатты тез эле алып келишкен. «Милиция кызматкерлери Бекзаттын кабинете алып кирип кетишти. Мени болсо сыртта күтүп тур деп коюшкан. Сүйлөшүүлөрдүн кийин милиция кызматкерлери анын мага экинчи жолукпай турганын айтып ишендиришти. Мен коркунучтан кутулду деп ишенип арыз жазган жокмун»- дейт. Бул окуядан кийин Бекзат бир топко кыздан алыстаган. Бир айдан кийин кайрадан пайда болуп: «мага турмушка чыкпасаң өлтүрүп кетем. Меники болосуң же өлөсүң»-деп коркута баштаган. Мындай адамдан алысташ үчүн батирин жана телефон номери тез-тез алмаштырганына да карабай таап ала берген. Эки күн мурун тактап айтканда 1-сентябрь күнү Бекзат кайрадан үйүнүн астында пайда болуп, курбусу менен келаткан жеринен кармап алган. Эгерде кыйкыра турган болсо бычактап сала турганын айткан. Экөөнүн куруудан мыкчый кармай сыртта турган машинага достору менен салып жатканда жардам чакырып кыйкыра башташкан. Жолдун аркы бетинен чуркап келе жаткан кишиден улам кыздарды таштап качып кетишкен. Жардамга келген адам милиция кызматкери болгон.Кийинки күнү жабырлануучу арыз жазганы прокуратурага барса алар арызды карабайбыз деп Ак-Бууры дагы милиция бөлүмүнө жөнөткөн. Учурда «никеге туруу максатында адам уурдоо» беренеси боюнча иш козголуп, медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. Ал эми шектүү кармалат элек.
Аргумент.кж