Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасы Биринчи май сотунда каралып, сот аны камакка алуу чечимин чыгарды.
Маалым болгондой, Мадумаров 24-октябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болот.
Мадумаровдун жактоочусу буга чейин депутат КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси «Мамлекетке чыккынчылык» боюнча айыпталып жатканын, аны 2009-жылы протоколго кол коюуга байланыштуу кенин айткан.
Жактоочу тергөөчүгө оозеки арыз менен кайрылганын, бирок ага иш менен таанышууга уруксат берилген эместигин кошумчалаган.
Адахан Мадумаровду Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени ишембиде белгилүү болгон.
Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.
Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.
Ал эми саясатчыны Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.
ИИМдин имаратынан чыгып, сотко алып кетердин алдында саясатчы эмне себептен кармалганын сураган журналисттерге кыска жооп берип, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы боюнча кол коюлган протоколго байланыштуу экенин айтты.
“Баягы эле жомок, Баткен боюнча”, – деп жооп берди саясатчы.
Мадумаров кармалгандан кийин тарапташтары Ички иштер министрлигинин алдына чогулушту.
Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.