Өмүрбек Текебаевдин Камбар-Ата ГЭСи менен темир жол курулушу боюнча түрмөдө жатып таамай айтканы, азыркы учурда актуалдуу темага айланды

3957

Кечээ Садыр Жапаров “Азаттыкка” берген маегинде “Камбар-Ата” ГЭСин Өзбекстан менен чогуу курабыз, келишим түзүп келдик, 30 жылда курулбаган ГЭСти 3 жылда куруп бүтөбүз” деди.

ГЭСтерди орток менчикке алганга, темир жолду биргелешип курганга Өзбекстан илгертен эле көзү төрт. Алардын кызыкчылыгы ушул экөөн колго алуу болгон. Каримов жасай албаганды Мирзиеев жасап, Атамбаевди, Жээнбековду, мына эми Жапаровду макул кылды. Кызыгы, Жапаров айткан макулдашылган келишим кандай шартта түзүлдү, аны кайсы тарап даярдады, эч ким билбейт. Адатта, мындай долбоорлор Өкмөт кол койгондон кийин парламенттен ратификация болуш керек эле, андай болгон жок.

“ГЭС менен темир жолду Өзбекстан менен биргелешип куруу Кыргызстандын кызыкчылыгына караманча каршы келет” деп Текебаев мындан 3 жыл мурда түрмөдө жатып айткан. Текебаевдин ошондогу айтканыны бүгүн да актуалдуу болуп турат. Ошондуктан, маекти кайра жарыялоону туура көрдүк.

2-БӨЛҮК

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы:

Геосаясаттын төрт закону

– Геосаясаттын төрт закону Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун маанисин түшүнүш үчүн да маанилүү.
Хэлфорд Маккиндер аттуу англис окумуштуусу дүйнөдө цивилизацияны шарттуу түрдө экиге бөлгөн. Деңиз цивилизациясы жана кургак жер цивилизациясы. XVI кылымга чейин кургак жер цивилизациясы дүйнөдө үстөмдүк кылган. Ал замандарда Кытай менен Индия жомоктогудай бай жашашкан. Алардын эли Европа элине караганда 2-3 эсе жакшы турушкан. Аларда илим менен техника, маданият өнүккөн. Европа элдери бүгүн биз Америка менен Европага кандай көз артсак, суктансак, мындан 400 жыл мурун Чыгыш алар үчүн жомок болуп, суктанышкан. “Ошол жакка келсек” деп алар жол издеген. Жүздөгөн жылдар бою ал жол Орто Азия аркылуу өткөн. А Кытайдан келген жол Кыргызстан аркылуу өткөн. Бирок, XVI кылымдарда европалыктар Африканы айланып өтүп, Индияга жол ачышат. Ошентип, Улуу Жибек Жолунун мааниси кыйла төмөндөйт. Советтер Союзу Кытай менен чек араны жапканга чейин регионалдык мааниде болсо да, Жибек Жолу иштеп турган.

Европа өлкөлөрү деңизди өздөштүрүп, деңиз жолдорун ресурс катары өз көзөмөлдөрүнө алгандан кийин, дүйнөгө үстөмдүктү Европа мамлекеттери, ошонун ичинде Англия жүргүзүп калат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ деңиз жолдорун, демек дүйнөлүк сооданы көзөмөлдөп турат. Мурун дүйнөнү Чыгызхан башкарса, Британия Чыңгызхандын империясынын ордун алмаштырат. Ошентип, Европа менен Азияны гана эмес, дүйнөнүн төрт бурчун байланыштырган жолду алар ээлеп отуруп калган. Кургак жер цивилизациясына кирген Россия менен Кытайдын баркы бир топ түшөт. Албетте, Орто Азия дагы өзүнүн каржылык булагынан ажырайт.

Англис окумуштуусу Маккиндер “хартланд” деген түшунүктү киргизген. Ал “орто жер” – Орто Азия экен. Чоң Орто Азияга Афганистан, Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан кирет. Индиядан келген жол да, Кытайдан келген жол да Орто Азия мамлекеттери аркылуу өткөн. Ошол заманда “ким Орто Азияга ээлик кылса, Ал ЕвроАзия континентине ээ болот. Ким ЕвроАзияга ээ болсо, ал дүйнөнүн ээси болот” деген түшүнүк, ишеним калыптанып калган. Ошон үчүн Чыңгызхан Орто Азияны ээлеп, Жер Ортолук деңизине чейин барып, “дүйнөнү ээледим” деп жарыялаган. Чыңгызхандын, андан кийин чыңхызиддердин империясынын жаралышынын негизги себептеринин бири Жибек Жолун көзөмөлдөп, андан эбегейсиз пайда көрүп туруу болгон. Монголдор кербен сарайларды куруп, каракчыларды жоготуп, соодегерлердин коопсуздугун камсыз кылышкан. Монгол империясынын убагында Чыгыш-Батыш экономикалык, маданий байланышы болуп көрбөгөндөй күчөгөн. Бирок, деңиз жолдору ачылгандан кийин, деңизге ээ болгон өлкөлөр дүйнөгө ээ болуп калышты. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ деңиз жолдорун, демек, дүйнөлүк сооданы көзөмөлдөп турат.

Жибек Жолу мурунку маанисине кайра ээ боло алабы?

– Акыркы жылдары чыгыш өлкөлөрүнүн, өзгөчө Кытайдын экономикасы өсүп, деңиз жээгиндеги табигый ресурстар азайып, континенттин ичиндеги: (ички Кытай, Сибирь) ресурстарды өздөштүрүү зарылдыгы келип чыгып, жолдор курулуп жатат. Тез жүргөн темир жолдор, автомобиль, аба жолдору курулуп, кургак жер цивилизациясы дагы кайрадан баш көтөрө баштады. Европа менен Кытайды байланыштырган Казакстан, Россия аркылуу темир жолдор бар болсо да, дагы курулмакчы болуп жатат. Акыркы 20 жылда Казакстан Кытай аркылуу эки жаңы темир жол курду, азыр үчүнчүсүн курганы турат. А биз 25 жылдан бери бир чакырым темир жол курган жокпуз. Автожолду эсепке албаганда, ата-бабаларыбыз көзөмөлдөгөн табигый дарбазаларыбыз болгон Торугарт менен Эркечтамды эл аралык соода деңгээлинде ишке киргизе албадык. Мен муну кылмышка тете мажирөөлүк, шалаакылык деп эсептейм. Эгер, биз “хартланддын” бир бөлүгү табигый дарбазаларыбызды темир жол менен ачсак, Кыргызстандан келечекте жылына 20-30 млн. тонна жүк, Чыгыштан Батышты, Батыштан Чыгышты көздөй өтүп турат. Жылына 500 млн.- 1 млрд. доллардан кем эмес транзиттен акча табабыз. Эң башкысы, Кыргызстан өзүнүн чыгарган товарларын үч океан: Тынч океан, Инд океан, Атлантика океаны аркылуу дүйнөнүн төрт бурчуна таратканга мүмкүндүк алат. Анда Кыргызстан жаңы геосаясий ресурска ээ болот. Транзиттик өлкөгө айланат. Биздин өлкө аркылуу жүк өтөт. Жакынкы Чыгышка, Орто Азияга эң жакын жол Кыргызстан болуп калат. Ошондуктан, бул жолду курушубуз керек. Нарын дарыясы миллиарддаган жыл аккандай эле, адамзат жашап турганда темир жолдон жүк өтүп, Чыгыш менен Батыш элинин ортосунда карым-катнаш улана берет. А бирок, Алмазбек Атамбаев темир жолду да “Өзбекстан менен биргелешкен ишкана түзүп, 50-50 пайыз менен чогуу курабыз” деп Өзбекстанга убада берип койду. Ата-бабабыздан калган мурасты, келечек муунга калтыра турган ырыскыны Өзбекстанга берип койду! Муну да кечирилгис ката, ал турсун, улуттун кызыкчылыгын саткан кылмыш катары баалайм.


Курманжан датканын уулу Камчыбек контрабандистби же улуттук баатырбы?

– Курманжан Датканын уулу Камчыбек контрабандада айыпталып, аны Россия империясынын соту өлүм жазасына тартканы баарбызга белгилүү. “Контрабандист болсо, анан эмнеге биз аны муундан-муунга аңыз кеп кылып, романдарды жазып, улуттун баатыры катары сактап келебиз?”,- деп мен Союз убагында ойлоп журдум эле.

Кыргыздар Чыгыш менен Баташты бириктирген Жибек Жолунун дарбазаларына (Эркечтам, Торугарт) ээлик кылышкан. Ага ээлик кылыш үчүн чыгаан болуш, байлыгыңды, колуңдагы ресурсуңду тартып алгысы келген душмандын мизин кайтарыш үчүн кайраттуу, күчтүү, бекем болуш керек. Алайлыктар менен атбашылыктар ошондой касиетке ээ болушкан. Камчыбек Кыргызстандын бул территориясын геосаясий ресурс катары “Кудай бизге берген, биздин ата-бабаларыбыз бул жерден пайда көргөн, бизге мурас кылган, биздин бала-чакалар ырыскысы” деп ишенген. Алардын идеологиясы мына ушундай болгон. Орустар күч менен тартып алганда да, алар моюн сунуп, тааныган эмес. Россиянын законуна баш ийбестен, ата-бабадан калган өз укуктарын талашкан. Суверенитет кыргызча Эгемендик. Эгемендик деген “ЭэсиМин” (эгесимин) деген сөздөн келип чыккан. Демек, ал контрабиндист эмес. Ал улуттук боштондук үчүн күрөшкөн баатыр, лидер. Ошондуктан, кыргыз эли аны баатыр катары даңазалап келет.

Ал эми Камчыбектин алдында бүгүнкү биздин жетекчилерге кандай баа берсек болот? Камчыбек түшүнгөн геосаясаттын мыйзамдарын, улуттук кызыкчылыкты түшүнбөгөн Кыргызстандын бүгүнкү бийлигин кандай бааласак болот? Камчыбек алдында Атамбаев кандай масштабдагы, кандай мүнөздөгү мамлекеттик ишмер болуп калат?

Камчыбек кичинекей айылдан, өрөөндөн чыккан ишмер болгон менен, ал Мирзиеевдей геосаясаттын төрт мыйзамына ылайык, кыргыздардын кызыкчылыгын коргоп жатпайбы. Геосаясатта “ыңгайлуу географиялык точка” деп аталган Жибек Жолунун Алай дарбазасынын маанисин түшүнүп, ага болгон кыргыздардын суверендүү укугун коргоп жатпайбы. ХХl кылымда “Суверендүү мамлекеттин лидеримин” деген Атамбаевдин түшүнүгү, кылган иши жүз элүү жыл мурунку өрөөн башчынын түшүнүгүнөн да, кылганынан да төмөн болуп жатат го…

Бүгүн Кыргызстандын территориясы эки чоң геосаясий ресурска Кыргыздар монополиялык ээлик кылганга шарт түздү. Биринчиси, гидроэнергетикалык ресурс. Экинчиси, коммуникациялык ресурс (жолдор, газ, электр өткөргүчтөр). Мына ушул эки геосаясий ресурсубузду тең Атамбаев Өзбекстанга бекер карматып жиберди. Эмнеге бекер деп жатам? Анткени, Атамбаев “Биргелешкен ишкана курабыз” деп, Өзбекстанга убада берди. Ал деген айтылган ресурстарыбыздын “жарымы Кыргызстандыкы, жарымы Өзбекстандыкы” болот деген сөз.

Кыргызстандын бош финансы каражаты жок. Өз алдынча ГЭСти да, темир жолду да кура албайт. Өзбекстан менен чогуу курган бизге пайдалуу эмеспи?

– Бул жаңылыш жол. Биринчиден, биздин сууга көз арткан, суудан көз каранды болгон өлкөнү, биздин сууну көзөмөлдөп башкарууга жакын жолотпошубуз керек. Экинчиден, Өзбекстан биздин түгөнгүс ресурсубузду бекер алып жатат. Кыргызстан ГЭСтерди куруш үчүн Биргелешкен ишканага өзүнүн географилык орду менен, Кудай берген түгөнбөгөн гидроресурсу менен кирет. Өзбекстан эмнеси менен кирет? Эч нерсеси менен кирбейт, бекер кирет. Демек, биздин үлүшүбүз баа жеткиз. Анан ошол ишкана 5-10-млрд. доллар карыз алып, ГЭСтерди куруп, андан чыккан электр энергиясын сатып, түшкөн акчанын эсебинен карыздан кутулат экен. Өзүбүздүн топубузду өзүбүзгө кийгизип, биздин ресурстан түшкөн акчанын эсебинен карыздардан кутулгандан кийин, ГЭСтердин жарымы биздики, жарымы Өзбекстандыкы болуп калат. Бул кандай улуттук саясат болсун?! Бул улуттук кызыкчылыкты коргоо эмес, тескерисинче, улуттук кызыкчылыкты сатуу, чыккынчылык болот.

Темир жол да – түгөнгүс геосаясий стратегиялык ресурс. Биз Темир жолун куруучу Биргелешкен ишканага ушул түгөнгүс геостратегиялык ресурсубуз менен киребиз, а Өзбекстан эч нерсе кошпойт. Анан Биргелешкен ишкана түзүп алып, ишканага 5-6 млрд. доллар карыз алабыз. 15-20 жылдан кийин Биргелешкен ишкана (темир жол өзу) карызды төлөп бүтүп, жолдун жарымы Кыргызстандыкы, жарымы Өзбекстандыкы болуп калат. Демек, Өзбекстан темир жолдун жарымын бекер алып жатат. Камчыбек “жолдун жарымын да орустарга бербейм” деп күрөшүп өлгөн. Бизчи? Куруп алган хан сарайда чардап жатып, бир шайлоонун жыйынтыгы деп улуттук кызыкчылыкты Өзбестандын колуна кармата берген Атамбаевдин саясатын токтото алабызбы? Камчыбектин деңгээлине көтөрүлө алабызбы?

Мен, Президент Сооронбай Жээнбековко, бүгүнкү Өкмөткө “Атамбаевдин бул саясатын токтоткула!” деп чакырык таштап, кайрылам. Ата-бабалардын, келечек муундун алдында уят болбойлу.

– Өмүрбек Чиркешович, Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга өтүүчү темир жолду куруу идеясы качан пайда болгон?

– 1993-жылы Брюсселде «ТРАСЕКА» деген эл аралык кызматташуу программасы кабыл алынган. Ал идеянын негизги максаты Азия өлкөлөрүн Кавказ өлкөлөрү аркылуу Европа менен байланыштырыш болгон. Жабык максаты Россияны Орто Азиядан, Кавказдан сүрүп чыгып, Орто Азия, Кавказ өлкөлөрүн Россиядан коммункациялык жолдон көз каранды кылбай, өз алдынча дүйнөнүн төрт бурчуна чыкканга мүмкүндүк ачып берүү. Ошол убакта Шанхайдан Парижге чейин өтүүчү темир жол куруу идеясы келип чыккан.

1998-жылы бир топ депутаттар менен мен Лондонго иш сапар менен барып калдым. Анда ал жерде Кыргызстандын элчиси болуп Роза Исаковна иштеп жаткан. Ал бизди – депуттарды «Өзбекстандан Кыргызстан аркылуу Кытайга өтүүчү темир жол курганга кызыккан бир лорд бар, ошону менен жолугуп көргүлө» деп калды. Мен ал лорд менен жолуктум. Ал ошол «ТРАСЕКА» идеясын айтты. Кыргызстан аркылуу өткөн темир жолду курганга кызыкдар экенин, анда чоң инвестиция тартканга мүмкүндүк бар экенин, ошол максатта Роза Исаковна менен сүйлөшүп, Кыргызстанга келгени жатканын, «Лондонго кыргыз депутаттары келиптир» деп угуп, биз менен ошол идеяны талкуулагысы келгенин айтып, биз менен жолукту. Мен ал темир жол курула турганын ошондо, 1998-жылы биринчи жолу уктум. Ага чейин биз “Түндүк менен Түштүктү байланыштырган Нарын аркылуу өтүүчү темир жол курулуш керек» деген ойду айтып жүрчү элек. Кытайга темир жол куруш керектигин ошондо биринчи жолу уктум. Биз Кыргызстанга кайтып келгенден көп өтпөй эле ал лорд бир топ жолдоштору менен Кыргызстанга келип, Кыргыз Өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугуп, ошол идеяларды талкуулаптыр. Кетээринде мага да жолугуп, сүйлөштүк. Ошондо ал мага айтты: «Өкмөтүңөр бул боюнча бир пикирге келише элек экен, түшүнүктөрү деле тайкы окшойт, бул абдан маанилүү долбоор. Эгер, Кыргызстан «темир жолду курабыз» деп калса, биз инвестиция таап, өзүбүз курабыз. Силер коңшуларды тартпагыла, андан көрө европалыктар курса, Кыргызстандын кызыкчылыгы көбүрөөк корголот» деген ойду айтып кетишкен. Мен жана айткандай, мурун «Түндүк менен Түштүктү бириктирген темир жол куруу керек» деген идеяны айтып жүрсөм да, бул идея мени абдан кызыктырды. «Кантип ошол идеяны Жалал-Абад менен Бишкекти, Жалал-Адаб менен Кытайды бириктирүүчү темир жолду айкалыштырса болот» деп кызыгып калдым. «Эл аралык коомчулук кургандан кийин, жолдун жарымы Кытайга кеткен жол менен курулуп калат экен, калган бөлүгү Нарындан Балыкчыга чейин жол тартсак, Түндүк-Түштүк темир жолу бүтүп калат экен» деп абдан кызыктым. Бирок, Өкмөттөн сурасам, ал кезде кырдаал кызыктай болгон экен. Өзбекстанга жан тарткан күчтөр темир жолдун маршрутун Кашкар-Эркечтам-Ош аркылуу Өзбекстанга өтүп кете турган вариантын тандап, ошону өткөргөнгө аракет кылып жатышыптыр. Казак тарап Торугарт-Балыкчы-Бишкек аркылуу Казакстанга өтүп кете турган жолду талашып жатышыптыр. Эки чоң өлкөнүн ортосунда биздин президент Акаев анысына да «жок» дей албай, мунусуна да «жок» дей албай, ортодо чайналып, кыйналып жатыптыр. Ошол себептен бир чечим кабыл алынбай жатыптыр. Ошон үчүн Англиядан келген делегация «Өкмөтүңөр өз кызыкчылыгын так билбейт экен, кайсыл маршрут Кыргызстанга так керек экенин айта алган жок. Ой-пикир болбогондон кийин чечим жок. Балким, даяр болгондо кайра келебиз» деп кетишкен эле. Акаев, Өкмөт бир чечимге келе алышпай, «бизге бул вариант керек» деп так кесе айта албай, эки варианттын кайсынысын тандай албай жүрүшүптүр. Башка варианттары жок экен. Анан мен Түндүк-Түштүк жолун Өзбекстандан Кыргызстан аркылуу Кытайга өтүүчү жол менен байлап, ошол кошо бүтсүн деген идеяга келдим да, «ошол идеяны кантип ишке ашырыш керек» деп, 2000-жылы Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун сунуш кылдым. Ал мыйзам «Кытайга чыгуу менен Балыкчы-Жалал-Абад-Торугарт темир жолун куруунун артыкчылыгы» деген мыйзам болду. Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасы 2000-жылдын 29-декабрында кабыл алды. Президент Аскар Акаев 2001-жылы 5-февралда бул мыйзага кол койду. Мыйзамда мындай деп айтылган: «Кыргыз Республикасы өлкөнүн саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө өтө зор келечегин таанып, Кытайга чыгуу менен Балыкчы-Жалал-Абад-Торугарт темир жолун куруу долбооруна артыкчылык статусун берет. Экинчи статья, Өкмөт, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары программаларды иштеп чыгууда жана өз ишинин негизги багыттарында Кытайга чыгуу менен, Балыкчы-Жалал-Абад-Торугарт темир жолун куруу долбоорунун артыкчылыгын эске алууга тийиш. Ал эми 3-статья боюнча, ушул жолду куруу үчүн инвестицияларды тартууда экономикалык шарт түзүү максатында Кыргызстан инвестиция алып келген инвесторлорго өзгөчө ынгайлуу режим түзүп берет» деген принциптер болгон. Бул жерде эң негизги жобо 2-статья деп билем. Анткени, анда Кыргыз Өкмөтүнө жана жергиликтүү органдарга «бир гана маршрутту тандайсыңар, башка маршрут жөнүндө сөз болбошу керек. Бул маршрут Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берет» деп милдеттендиргенбиз. Мына ошондон кийин Түндүк-Түштүктү бириктире турган маршрут аныкталыш керек болгон. Тилекке каршы, 2002-жылы ошол кезде Транспорт жана жол министри Жантөрө Сатыбалдиев эле, ал «Торугарттан өтүп, тоолордун арасы менен Өзгөн аркылуу Ошко келе турган эң кыска жол» деп, 280 километр жолду сунуш кылышкан. Кытайлар да муну колдошкон. Бирок, бул бийик тоолор менен өтүп, Нарындын бир да ири айылдарына кирбейт, ага Балыкчы тараптан келген жолду кошо албайсың. Ал Кыргызстанга транзиттен түшкөн акчадан башка пайда алып келбеген, суверендүүлүгүбүздү, бүтүндүгүбүздү бекемдегенге салым кошпогон маршрут болот. Көрдүңөрбү, мыйзам кабыл алынгандан бир жылдан кийин Өкмөт ошол маршрутту тандап, Кытайлар менен курууга макул болгон. Бирок, кийин ошол идея кайра-кайра көтөрүлүп отуруп, 2010-жылдан кийин Транспорт жана жол министри болуп, биздин партиянын өкүлү Калыкбек Султанов келди. Ошондо биздин фракция талап кылып отуруп, Нарындын калк жашаган жерлери аркылуу өткөн «Торугарт-Достук-Тогуз-Торо-Жалал-абад» деген, узундугу 430 километр болгон вариантты Өкмөттүн атынан сунуш кылдык. 2012-жылы кабыл алынган «Кыргызстандын Өнүгүү старатегиясына» да так ушул машрутту киргизгенге жетиштик. Ал программада «темир жолду курууга даярдык 2013-жылы башталып, 2018-жылы курулуш иши башталып калат» делет. Тилекке каршы, бул жолдун курулушу азырга чейин баштала элек.

– Эгерде, президент бекиткен «Өнүгүү стратегиясына» кирсе, Жогорку Кеңеш бекиткен Өкмөттүн иш-планына кирсе, эмне себептен темир жолдун курулушу башталбай калды?

– 2012-жылы Бишкекке Путин менен Рахмон келип калды. Ошондо эле Атамбаев «биз Кытайдан Эркечтам аркылуу Тажикстанга өткөн темир жол курабыз» деп жарыялап жиберди. Ошол сөзүн ал кийинки жылы Кытайга барганда да, алардын жетекчилерине «Тажикстанга өткүн темир жолду колдоп бергиле» деп айтты. Сочидеги ОДКБ өлкөлөрүнүн жолугушуусунда дагы «ошол жолду курабыз» деген оюн кайра-кайра айтып туруп алды. Бул биз 2000-жылы кабыл алган мыйзамга, Кыргызстандын стратегиялык кызыкчылыгына, Президент өзү, Жогорку Кеңеш бекиткен мамлекеттик программаларга каршы болчу. Биз фракциянын атайын жыйынын өткөрүп, Транспорт жана жол министри Калыкбек Султановду чакырып, «сен Тажикстанга барып, Тажик өкмөтү менен Эркечтам аркылуу Тажикстанга жол курабыз» деп сүйлөшүп жатыптырсың, анын Кыргызстанга пайдасы жок, биринчиден, ал Кыргызстанга кирип эле, Карамыктан Тажикстанга кайып өтүп кетет. Экинчиси, Түндүк-Түштүктү бириктирбегенден кийин, ал стратегиялык кызыкчылыгыбызга жооп бербейт, биздин мамлекеттик программаларга жана мыйзамыбызга каршы келет, бул чыккынчылык, мындай болсо сен камаласың Калыкбек (!)» деп айтып, чечим чыгарганбыз. Атамбаев менен биздин биринчи карама-каршылыгыбыз ушул жерден башталган. Азыр көбү айтып жатышпайбы, «Текебаев менен Атамбаев 2016-жылы 31-августта Роза Исаковнага, Убактылуу Өкмөткө тийишип сүйлөгөндөн кийин каршы боло башташты» деп. Андай эмес. Биз көп маселелер боюнча мурунтан эле келишкиз позицияларды карманганбыз. Биринчиси, темир жолдун курулушу боюнча болду.

«Атамбаевдин алабармандыгы маанилүү долбоорду аткаруудан кур жалак калтырды»

– 2014-жылы Атамбаев экөөбүз ушул маселе боюнча жолуктук. Анда биз кер-мур айтышканга чейин бардык. Мен айттым: «Эркечтамга кирип, Карамыктан Тажикстанга чыгып кеткен жол курулса, ал Түндүк менен Түштүктү бириктирбесе, анын Кыргызстанга кандай кереги бар?.. Мындай мыйзам бар» деп мыйзамды көргөзсөм, «мен Балыкчыдан жол куруп, Жалал-Абад-Өзгөн аркылуу Эркечтамга алып барып кошом» дейт ал. «Ал жолдун кимге кереги бар? Эмнеге Эркечтамга барыш керек ал жол?» деп сурадым мен. Ал айтат, «Кытайдан келген жолдун бир бөлүгү Тажикстанга кетет, бир бөлүгү Кыргызстанга түшүп келет» дейт. Ал айткан жол ошол кездеги акча боюнча 21 млрд. доллар кете турган долбоор болмок. «21 млрд. доллар кете турган чоң долбоор экен, буга инвестор келиш үчүн «канча тонна жүк өтөт, өзүн өзү актайбы» деп сурайт. Тажиктер ашып кетсе 1-2 млн. тонна Россиядан жүк алып өтөт, бул жол актабайт, ошон үчүн инвестор келбейт, эч ким акча бербейт. Экинчиден, бүгүн өзбектер темир жолду тосуп, Тажикстанга жүк өткөрбөй жатат. Бирок, эртең режим өзгөрсө, Тажикстан менен жолун ачып койсо, Россиядан келген жүктөр тоонун ичи менен келип отургандын ордуна, түз жол менен Өзбектан аркылуу дуу коет да, 3 эсе тез жана арзан жетет. Тажиктер бул жол менен жүрбөйт»,- дедим мен. Чын эле мына, Мирзиеев келди, темир жолдорду ачып, зуулдап поезддер өтүп жатат. Ошондо Путин менен Рахмон келип Атамбаевдин далысын таптап койсо, Атамбаев Каримов менен жеке мамилесинен улам, «Рахмонго жардам берем», «Бишкек-Балыкчы аркылуу Чоң-Алайга жол курам» деп, бул долбоорду аткаруудан куру жалак калдык. Атамбаевдин айткан идеясы тууралуу азыр эч ким ойлобойт дагы. Анткени, бул куру кыял эле эмес, зыяндуу кыял экенин элдин баары билет. Бирок, так ошондой окуя болгон.

«Атамбаев кылмыштуу шалаакылыкта күнөөлөнгөн»

– Биздин фракция парламенттик шайлоодон кийин, 2016-жылы январда дагы бул долбоордун аткарылышын Өкмөттөн уктук. Тилекке каршы, 2018-жылы курулушу башталыш керек болгон долбоордун техникалык-экономикалык негиздемелери да бүтө элек экен. Ошондо биз – фракция ошол жыйында «Атамбаевдин өзүм билемдиги, өлкөнүн кызыкчылыгын түшүнбөстүгү, анын ойлонулбаган чечимдери бул жолдун курулушун токтоткон» деп, Атамбаевге күнөөсүн коюп, чечим чыгарганбыз. Мен муну баса белгилегим келет. «Атамбаевдин алабармандыгы, ишти билбестиги, компетентсиздиги жана кылмыштуу шалаакылыгы» деп табылсын» деп, башкаруучу коалициянын мүчөсү болгон «Ата Мекен» фракциясы так ушундай чечим чыгарды. Биз бул маселени ар жыл сайын карап турдук, ар жыл сайын мыйзам аткарылышын көзөмөлдөп келдик. Азыр Өкмөт биз аныктаган маршрутту Кытай менен талашып келе жатат. Азыр дагы тилекке каршы, Өкмөт 3 маршртутту сунуш кылууда. Анын ичинен Кыргызстандын кызыкчылыгына бирөөсү гана жооп берет. Бул Торугарт-Достук-Тогуз-Торо-Жалал-абад маршруту. Мамлекет ушуга бекем туруш керек. Бул маршрут Торугарттан Бишкекке чейин келип, Бишкектен түштүк Казакстанга, Россиянын кээ бир региондоруна жүк ташыганга толук мүмкүндүк берет. Торугарттан Жалал-Абад, Өзбекстанга кетип, бут Фергана өрөөнү аркылуу Орто Азияга жана жакынкы Чыгышка жүк ташыганга мүмкүндүк берет. Эң негизгиси, Түндүк менен Түштүктү бириктирип, өлкөнүн бүтүндүгүн, биримдигин бекемдей турган долбоор болот. Баасы – орто эсеп менен 5-6 млрд. доллар. Бирок, жакшылап эсептөө абзел. Анткени, ТЭЦтин курулушундай болуп, биз дагы алдатып калбагандай болушубуз керек.

– 5-6 миллиард доллар дагы чоң акча. «Ал акталабы» деп инвесторлор да чочуласа керек. Кандай акча таап курса болот?

– Биринчиден, Кытайдан Европага Россия аркылуу транссибирь контитенталдык темир жол менен жүк ташылат. Экинчиси, «экинчи евразиялык контитенталдык темир жол» деген жол Казакстан аркылуу өтүп, Россияга барып, андан ары Берлинге, Парижге кетет. Азыр Казакстанда Кытайдан Түркмөнстанга, Өзбекстанга, Россияга кете турган эки темир жол курулуп жатат. Жүк батпай, азыр 3-сүн курганга белсенип жатышат. Түркмөнстан дагы өзүнүн территориясы боюнча Казакстанга, Иранга, Афганистанга байланыштыра турган жолдорду, жалпысынан 1,5 миң чакырым жол курду. Өзбекстан менен Казакстан дагы 100дөгөн чакырым жолдорду куруп жатат. Мисалы, Өзбекстан, Ташкент менен Фергана өрөөнүнө Тажикстанга кирбей кете турган темир жолун курушту. Тажиктер Түндүк Тажикстан менен Түштүк Тажикстанды бириктирген, Өзбекстанга кирбей турган темир жолун курду. А Кыргызстан гана Түндүк-Түштүктү бириктирген жолду курмак турсун, акыркы 25 жылда 1 чакырым темир жол кура албады. Орто Азияда биз эле темир жол курганыбыз жок.

«Темир жол курулса, жылына 500 млн.доллардан 1 млрд. долларга чейин транзиттен акча табабыз»

– Бул темир жолду куруу көп мамлекеттер үчүн керек. Экономикалык эле эмес, саясий көз караштан дагы керек. Кытай өзүнөн чыкан жолдорду бир эле өлкөдөн өтпөстөн, бир нече өлкөлөр аркылуу өтүп (диверсификация), ар кандай вариаттарда болушун каалайт. Анын үстүнө бул жол жакынкы Чыгышка Перси булуңуна, Инд океанына кеткен кыска жол. Казакстандан келген жолго караганда миң чакырымга кыска. Ошондуктан, буга кызыккан инвесторлор сөзсүз чыгат. Бирок, менимче биз бул курулушту каржылоонун бир гана формасын тандап алышыбыз керек. Ал: концессияга берүү, инвестор келип, бул жолду курат, 10-15 жыл жолду эксплуатациялагандан кийин, Кыргызстанга 100 пайызын таштап кетет. Жол 100 пайыз Кыргызстандыкы болуш керек. Бул жол жүздөгөн, миңдеген жылдар бою Кыргызстанга пайда алып келе турган жол. Муну Атамбаев айткандай, Өзбекстан менен 50-50дөн куруп, анан алар түбөлүк жарымына ээ болуп кала турган шартта курбашыбыз керек. Мен билем, Өкмөттүн сүйлөшүүлөрүнөн кабардар болуп турам. Концессия жолдору менен курганга дүйнөдө фирмалар, компаниялар табылат. Бүгүн Кытай тарап, Кыргыз тарап бул жолдун эномикалык мүмкүнчүлүктөрүн эсептегенде, өтө эле чоң цифраларды айтып отурушат. «Жылына 10-15 млн. тонна жүк өтөт, Кыргызстан транзиттен 250 млн. долларга чейин жылына акча алат» деген сөздөрдү айтып отурушат. Менин оюмча, башталышында ушундай болот, бирок кыска аралыкта бул көрсөткүч 30 млн. тоннага чейин чыгышы мүмкүн. Ошондо биз 500 млн. доллардан 1 млрд. долларга чейин акча алуу мүмкүнчүлүгүбүз болот. Анткени, ички Кытай (Синзянь автономиялык облусу жана анын айланалары) өнүгүп жатат. Ал жакка Жакынкы Чыгыштан жүк Орто Азия аркылуу өткөнү жакын жана тез. Кытай жүз миллиарддаган долларларды Кытайдын Бытыш бөлүгүнүн өсүшүнө жумшап отурат. Ал жерде Эркин экономикалык зоналар түшүп жатат. Кытайдын бул райондору өнүккөндө, алардан чыккан жана аларга керек товаралардын көлөмү да өсөт…

– Бул темир жол Кыргызстанга финансылык киреше гана алып келеби же, башка да мааниге ээби?

– Бул темир жолдун Кыргызстан үчүн мааниси абдан чоң. Биринчиден, Кыргызстанды коммуникациялык “тупиктен” чыгырат. Биздин ишкерелер дүйнөнүн төрт тарабына чыгууга мүмкүндүк алат.

Экинчиден, Кыргызстандын тышкы саясаты, тышкы соодо-экономикалык саясаты мурункудай Казакстан менен Россиядан гана көз каранды болбой калат. Кыргызстан саясий жана соода эркиндигин алып, реалдуу көз карандысыздыгын бекемдейт.
Үчүнчүдөн, Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирип, өлкөнүн бүтүндүгүн, биримдигин камсыз кылат.

Ошондуктан бул проектти ишке ашырууга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстандын Өкмөтү, жалпы эле кыргыз коомчулугу болгон аракетин жумшаш керек.

Автор: Динар Турдугулова

Булак: «Азия Ньюс»

+2