Өмүрбек Текебаев шайлоочуларга жана талапкерлерге кайрылуу жасады

1709

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу шайлоочулар!

28-ноябрдагы шайлоо тарыхый жана саясий чоң мааниге ээ. Бул шайлоолор биздин ɵлкɵдɵ бир жылдан бери созулуп келе жаткан саясий кризиске чекит коюш керек эле. Тилекке каршы, ал кризисти ырбатты.

Бирок, сиздерге кайрылуумдун себеби башкада. Урматтуу “Ата Мекен” партиясынын шайлоочулары!

Бизге – “Ата Мекен” партиясын колдоп, дагы бир жолу берген добушуңуздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем.Сиздердин тандооңуздар сиздердин принципиалдуу, туруктуу экениңиздердин, ɵлкɵ үчүн жоопкерчиликти ала билгениңиздердин, анан эң негизгиси, ак менен караны, адал менен арамды айырмалай билгендигиңиздердин далили. Биз сиздер менен сыймыктанабыз!

Мен “Ата Мекен” партиясынын талапкерлерине да кайрылгым келет. Урматтуу талапкерлер! Партиянын атынан сиздерге да ɵзгɵчɵ ыраазычылык билдирем. Анткени, дээрлик акча кетирбей масштабдуу, эффективдүү кампанияны ынтымак менен ɵткɵрүп алдык. Социалдык тармактардан, эл арасынан сиздердин адамдар менен тынымсыз сүйлɵшүп, партиянын, ɵзүңɵрдүн позицияңыздарды түшүндүрүп жүргɵнүңүздɵрдү кɵрдүк.

Бардык жерде элдин колдоосуна, алкоосуна татыкту болуп жаттыңыздар. Араңыздарда депутаттыкка ɵтпɵсɵ да, 2-3 жолу кандидатурасын коюп жаткандар бар. Бул сиздердин мандат, бийлик үчүн эле эмес, идея, принцип үчүн партия ɵтүп кетсин деп колдоп, жалпы жеңиш үчүн аракет кылып, ɵзүн эмес, жалпы кызыкчылыкты, элдин кызыкчылыгын ойлогон патриоттор экениңиздердин далили. Биз шайлоо кампанясын таза ɵткɵрдүк. Аты оозго илинген партиялардын баары тигил же бул мыйзам эрежелерин бузду. Ал ММКларга да чыкты, БШК тараптан эскертүү алган, айып пул салынган реакциялар болду. Сиздер ɵткɵргɵн бул кампания тазалыгы менен дагы айырмаланды. Биздин жеңишибиз дагы бир жолу бурмаланды. Күндɵн-күнгɵ анын далили кɵбɵйүп, эл ага ынанып баратат.

Урматтуу шайлоочулар!

Дагы бир жолу рахмат. Сиздердин добуш ишенимдүү колго келип түштү. Ал бизге күч-кубат берет. Ɵз идеяларыбыз, принциптерибиз үчүн мындан ары дагы күрɵшɵ бермекчибиз.Кыргызда “жандоочу кийик аттырат” деген сɵз бар. Бул чындыкты чагылдырат. Партияда талапкер болуп аттанбаса да, партияны, талапкерлерди колдоп иштеген штабдын кызматкерлери, партиянын күйɵрмандары, ыктыярчылары болду. Биздин жеңишибизде сиздердин салымыңыздар абдан чоң экенин баса белгилеп, сиздерге да чоң ыраазычылык билдирем.

0