Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Мажоритардык бир мандаттуу шайлоо системасы конфликттик потенциалды күчөтөт”

2309
  • Өмүрбек Чиркешович, Жогорку Кеңешке боло турган шайлоо кечигип жатат. Шайлоо мыйзамдары азырга чейин кабыл алына элек. Ушу күндөрү парламентте аралаш шайлоо системасынын долбоору кызуу талкууланып жатат. Аралаш шайлоо системасы Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп береби?
  • Шайлоо системасы өлкөнүн тарыхын, бүгүнкү саясий кырдаалын, элдин алдында турган проблемаларын, анын чечүү жолдорун, эң негизгиси, мамлекет алдына койгон стратегиялык планын эске алуу менен тандалып алынышы керек. Шайлоо системасы шайлоолор адилет, эркин, таза, мыйзамдуу өтүшүн камсыз кылышы шарт. Ушул талаптар аткарылбагандан улам 2020-жылы октябрда кезектеги элдик көтөрүлүш болуп, аягы октябрь революциясы менен бүттү.
    Бүгүн Жогорку Кеңеш талкуулап жаткан аралаш шайлоо системасы бул маселелерди чече албайт. Мисалы, мажоритардык шайлоо системасы көпчүлүк принцибине негизделген шайлоо системасы. 50% плюс 1 добуш алган партия же талапкер мандатты алып, 50% минус 1 добуш алган партия же талапкер куру жалак калат. Элдин жарымы бул округдагы шайлоо жыйынтыгына канааттанбайт дегенди билдирет. Ошондуктан, бул шайлоо системасы адилеттүү эмес шайлоо системасы деп эсептелинет. Анын үстүнө Жогорку Кеңеште каралып жаткан Долбоордо шайлоо бир тур менен өтөт деп жазылыптыр. Бул шайлоону ого бетер адилетсиз кылып жиберет. Мисалы: округдан 20 талапкер чыксын дейли, алар орто эсеп менен 4-6% добуш алышат. Демек, 7% добуш алган кандидат депутат болот. 93% добуш берген шайлоочулар куру жалак калышат. Бул учурда “мажоритардык-көпчүлүк” деген принцип да бузулуп жатат. Эл шайлоонун жыйынтыгына ынанбай конфликттик потенциал күчөйт.
  • Мажоритардык бир мандаттуу шайлоо системасы да шайлоочулардын мүдөөсүн аткарбайбы?
  • Мажоритардык шайлоо системасынын бир жакшы жери шайлоочулар талапкерге түз добуш бергенинде. Бирок, ошону менен артыкчылыгы түгөнөт.
    Мажоритардык бир мандаттуу шайлоо системасы Кыргызстандын бүгүнкү тарыхый шартында коррупцияга алып келүүчү шайлоо системасы. КМШ өлкөлөрдүн 30 жылдык тарыхы көргөзгөндөй бир мандаттуу округдардан байлыгы бар, же бийлик колдогон талапкер гана өтүп жүрөт. Кээ-кээде гана башкача болушу мүмкүн.
    Мажоритардык шайлоо системасы Кыргызстанда шайлоо округдарын менчиктештирүүгө алып келет. Тигил же бул райондогу жергиликтүү олигархтардын, кландардын ортосунда гана күрөш болот. Карапайым адамдардын өкүлдөрү: мугалим, врач, дыйкан, жаштар, аялдар бир мандаттуу шайлоо округдарынан өтүп келүү мүмкүнчүлүгү дээрлик жоккко эсе болот.
    Мажоритардык системада Кыргызстан мурун регион-регион болуп бөлүнсө, бир райондун ичинде айыл айыл, кокту-колот, уруу-уруу кылып бөлүнүүгө алып келет. Шайлоо системасы тескерисинче элди бириккенге, ынтымакка чакыргандай болуш керек.
  • Бүгүн Кыргызстанга кандай шайлоо системасы керек?
  • Кыргызстанга мажоритардык принцип менен шайлоолор туура келбейт. Биз андан баш тартышыбыз керек. Мажоритардык шайлоо системасына баруу – бул 30 жыл артка кетүү дегенди билдирет.
    Жогоруда айтылган талаптарга пропорционалдык шайлоо системасы аздыр-көптүр Кыргызстандын бүгүнкү шартында жооп берет. Мен жана жогоруда айткандай, шайлоо системасы бүгүнкү саясий кырдаалды, элдин мүдөөсүн, келечектеги планын эске алып тандалып алыныш керек. Пропорционалдык шайлоо системасынын 140тан ашык түрү бар. Ар бир өлкө өзүнө бапташтырып, өзүнө ылайыктуусун тандап алат.
    Бүгүнкү шайлоо системасына эл эмне үчүн нааразы?
    Биринчи себеби, депутаттар түз шайланбастан, партиялар аркылуу шайланат. Эл партияга гана добуш берет, конкреттүү талапкерге добуш бербейт. Элдин эркин тандоосун партиялар пайдаланып, өздөрү каалаган кандидатты депутат кылат деп нааразы. Экинчи себеби, шайлоолор учурунда добуштар сатылып алынып жатат. Административдик, криминалдык ресурстар пайдаланылып, шайлоо таза эмес, мыйзамсыз өтүп жатат деп нааразы. Биз элди нааразы кылган кырдаалдарды алмаштуруу менен реформа жүргүзүшүбүз абзел.
    Пропорционалдык партиялык тизме менен шайлоо мажоритардык системага караганда адилеттүү. Анткени, бул жерде көп добуш алган да, аз добуш алган да партия парламенттен өкүлчүлүккө ээ болот.
  • Депутат Сулайманов сунуштаган долбоордо шайлоочу партияга гана эмес, тизмедеги каалаган кандидатка да добуш бере ала турганы каралган. Сиз буга кандай карайсыз?
  • Партиялык тизменин преференционалдык ыкмасын пайдалансак, шайлоочулар партияга гана эмес, партиянын ичиндеги конкреттүү кандидатка добуш берет. Ошентип биз партиялык коррупциядан арылып, партиялык тизмени партиянын жетекчилиги эмес, эл түзө турган шартты камсыз кылабыз. Бүгүн акчасы бар адамдар түзгөн партия гана парламентке келип калды. Карапайым адамдар, жаштар түзгөн саясий күчтөр, партиялар иш жүзүндө парламентке келе албайт. Алардын келишин камсыз кылыш үчүн шайлоо босогосун 7%дан 3%га түшүрүш зарыл.
    Андан башка, эбегейиз чоң шайлоо күрөөсү бар. Ал көптөгөн партиялар үчүн кол жеткис. Ошон үчүн шайлоо күрөөсүн дагы минималдык деңгээлге түшүрүш керек. Мына ошондо былтыр октябрда болгон революциянын талаптарынын негизги бөлүгү аткарылган болот.

Динар Турдугулова

+2