Өмүрбек Бабановго каршы Кумтөр боюнча эч кандай шек саноолор болбошу керек, анткени ал мыйзамсыз иш аракеттерди жасаган эмес!

676

Бүгүн, УКМКдагы сурак учурунда Өмүрбек Бабанов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп турганда Кумтөр маселеси боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача суракка алынды. Бирок ага каршы кандай шектенүүлөрү бар болгондугу түшүндүрүлгөн эмес. Ошондуктан, Өмүрбек Бабанов дагы, анын адвокаты мен дагы, эмне боюнча шектелип жаткандыгын, эмне үчүн кармалганын түшүнгөн жокпуз.

Өмүрбек Бабанов 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын августуна чейин Кыргыз Республикасынын премьер-министри болгон. Бул убакыт аралыгында ал Кумтөргө байланыштуу эки гана аракет жасаган. Биринчиден, ал «Кумтөр компаниясы» тарабынан курчап турган чөйрөнү коргоо чараларын сактоо боюнча ЖК чечими менен комиссия түзгөн. Экинчиден, Өмүрбек Бабанов ага чейин премьер-министр Д.Үсөнов кабыл алган 16 миң 330 гектар жерди Кумтөргө өткөрүп берүү жөнүндө токтомду жокко чыгарган. Андыктан, Бабанов жерди Кыргызстандын өкмөтүнө кайтарып берген! Биринчисинде дагы, экинчисинде дагы Өмүрбек Бабанов тарабынан мыйзам бузуулар болгон эмес. Андыктан Өмүрбек Бабанов эмне боюнча шектелип, эмне үчүн камалып жаткандыгын биз түшүнө алган жокпуз.

Өмүрбек Бабанов өзү сурак протоколунда: “Шектин маңызы мага түшүнүксүз. Күнөөнү толугу менен мойнума албайм”.

Амантур Абдырахманов, Өмүрбек Бабановдун адвокаты

+1