Өмүрбек Бабанов убада кылган 100 миллион сомду бюджетке которду

129

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов 29-мартта бюджетти колдоо боюнча депозиттик эсепке 100 млн. сом которду. Маалыматты Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматынын адиси Жоомарт Шайдылдаев ырастады.

Анын сөзүнө караганда, 5-апрелге карата депозиттик эсептен 727 млн. 219 миң сом Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталган 100 миң сомго чейин насыя алган адамдардын карызын жабууга жумшалды. 5-апрелдеги маалымат боюнча бул эсепте 1 млрд. 43 млн. 395 миң сом бар.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-январындагы №8 токтому бар. Анын негизинде эсепке түшкөн каражат качан, кайсы багытка, эмнеге коротуларын өкмөт чечет», – деди Шайдылдаев.

24-мартта Өмүрбек Бабановго козголгон иштер боюнча жүрүп жаткан териштирүүлөр токтотулганы белгилүү болгон.

Бабановго каршы иштерди тергеген УКМК Бабановдун жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен жарандарга да тийгизген зыяны тууралуу фактылар жок болгондуктан иш жабылганын билдирген.

Ошол эле маалда УКМК мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде Бабанов өз ыктыяры менен казынага 100 млн. сом бермекчи болгонун маалымдаган.

0