Ɵмүрү өрнөк инсан Үсөн Сыдыковсуз бир жыл…

862

Үсөн Сыдыков деген ысым Кыргыз мамлекеттик түзүлүшүндө өтө олуттуу орунду ээлейт. Ачыгын айтыш керек, Үсөн Сыдыков тууралуу сөз кылуунун өзү татаал. Аны бир жактуулук менен кызылдай мактоо же курулай сынга алуу мүмкүн эмес. Анткени, бул инсан турмушунда күрөшчүл адам болгон. Ал эми күрөш деген сөзсүз эки жээктин айыгышсыз чарпышуу аракети эмеспи. Бирок, Үсөн Сыдыков ошол айыгышкан күрөштөрдө эч качан өзүнүн алсыздыгын көрсөтпөгөн, жеӊишке туйтунган мезгилде өрөпкүбөй, жеӊилүү мөртүндө ызага муунбай ар качан баардык кырдаалга салкын кандуулук, сергек акыл менен баам сала билген. Анын улуулугу, бийиктиги, мыктылыгы мына ушунда эле.

Замандаштары Үсөн Сыдыковду коммунисттик партиянын тарбиясын көргөн, мамлекеттик башкаруудагы тажрыйбалуу, уюштургуч адис экенин баса белгилешет. Ооба, Үсөн аке “КомПартиянын” айныгыс “солдаты” болгон. Алсак, эмгек жолун 1965-жылы агроном болуу менен баштап. башкы экономист, райондук Аткаруу комитетинин төрагасы, бир нече райондук комитеттердин 1-катчысы болуп иштеген. 1988-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз ССР мамлекеттик агро өнөр жай комитетинин төрагасы, Министрлер Советинин төрагасынын биринчи орун басары болгон.

Кыргызстан эгемендик алганда “жаӊычыл патриоттор” армиясы бийликтин бийик эшелонуна этек-жеӊдерин делбирете эрмешип, алыска чуркоого таноолорун дердеӊдетип киришкенде Үсөн аке өлкөдөгү саясий абалдын күрөө тамырын сезген, кармай билген адам катары саясаттын тегирменин айланткан негизги күчкө айланат. Акаев доорунун алабарман саясаты Кыргызстанды “Демократиялык аралча”, – деп атап алып, “Жемократия аралчасына” айлантып, арты барып, авторитардык режимдин дарыясына арык каза башташканда Үсөн Сыдыковдун мекенчилдик деми жанына жай бербей, бул режим менен күрөштү жүргүзүүнүн заманбап форматына өтөт.

Кыргызстанды ааламга дүӊ кылып, Акаевди Ала-Тоодон айдап чыгып, анын авторитардык режимин кулаткан революция аныгында 1995-жылдан тарта башталган. Тагыраагы, 1995-жылкы президенттик шайлоодо Апсамат Масалиевдин жеңиштүү жыйынтыгын Аскар Акаев бурмалап, өзүнүн пайызын көбөйтүп, формалдуу президент болгон күндөн баштап күрөш башталган. Мына ошол күрөш 2000-жылы, андан кийин 2002-жылы ырбап, Акаев режимине каршы күрөшкөн бир топ саясатчылар түрмөгө олтуруп чыгышкан. Алардын арасында Үсөн Сыдыков да бар эле. Ɵзүнүн чечкиндүүлүгү, ɵжɵрлүгү жана беттегенинен кайра тартпаган кɵкжалдыгы менен саясий айдыңда ар дайым бийиктикте жүрдү. Ɵмүрү ɵрнɵк Үсɵн Сыдыковичтин баскан жолу келечек муунду тарбиялоого зор үлгү болоору талашсыз…

+1