Лидерлик сапат менен жаратмандык демдеги Ырысбек Мааткабылов

484

Эч кимге кадыр колкосу жок эле өз ишин так аткарып, коом алдында жүзү жарык, адамдык ниети түз инсандарыбыз арбын. Алар өздөрүнүн жасаган иштери менен эле өлкөгө эбегейсиз эмгек өтөп, коом жүгүн алдыга сүрөп келишүүдө. Так ушундай инсандарыбыздын бири Ырысбек Мааткабылов. Ырысбек мырза атанын ишин улап, ишкерликте ийгилик жаратып, кезинде бир эмес бир нече ирет Бишкек Шаардык Кеңештин депутаты болууга жетишип, ал ортодо Ленин районунун акими, дзюдо федерациясынын президенти, учурда Улуттук Олимпиада Комитетинин (НОК) вице-президенти катары эмгектенип келет. Ырысбек Мааткабылов тууралуу эл ичинде жылуу пикир бар.

Каарманыбыз, ак эмгектен баар таап келген инсан катары, саясатты да мыкты түшүнгөн инсан. Дегеним, «Эмгек» деген саясий партия түптөп, бүгүн өлкөнүн 11 шаарында депутаттары мандат алып, ийгиликтүү иш алып барууда. «Эмгек» партиясы 2021-жылы өткөн жергиликтүү кеңештин шайлоосунда борбор калаабыз Бишкек шаарынан биринчиликти алган. Ал шайлоо жараксыз деп табылып экинчи ирет өткөндө дагы так ошол «Эмгек» партиясы кайрадан биринчиликти алып учурда Бишкек Шаардык Кеңеште ишмердүүлүгүн жүргүзүп атат. Мына ушунун өзү Ырысбек мырзада лидерлик, жаратмандык сапат да жогору экенин айгинелейт. Пенделик парзы катары ажылыкка барып, зыяратын жасаган Ырысбек мырза ошол эле маалда улуттук каада-салт, нарк-нусканы да бирдей ала жүрөт. Бир сөз менен айтканда ийгиликти артынан ээрчиткен, коом жүгүн көтөрүү менен өлкөгө албан салым кошуп келе жаткан Ырысбек мырза мамлекет үчүн албан иштерди алдыда да жасай берээри турган иш. Кээде, жакшыны жакшы деп өз учурунда айта билүү да керек эмеспи.

Ии, баса Ырысбек Мааткабылов өткөн шейшемби, тагыраагы 5-сентябрь күнү үчүнчү уулу Ажыбекти үйлөндүрүп, Ребекка аттуу келиндүү болуп, башына баш кошулуп сүйүнүп турган маалы. Эмне дейбиз, келиниңиз ырыс-кешиктүү, ыймандуу болсун! Балдарыңызга бак тилейбиз…

Булак:Де-Факто

0