Лейлектик Хатикону эмгек сиңирген балет бийчиси Досмат Садыркулов багып алды

360

Баткен облусундагы лейлектик Хатикону эмгек сиңирген балет бийчиси Досмат Садыркулов багып алды. Бул тууралуу Садыркулов фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды.

“Кыргыз Хатикосу эми менин итим. Ага Батыр ысымын ыйгардым”, – деп жазат ал.

Садыркулов “Кабар” агенттигине билдиргендей, иттин мүнөзү жана берилгендиги жагып, аны багып алууну чечкен.

“Үй-бүлөм чечимимди колдоду. Батыр менен алгачкы көрүшкөндөн тарта жакшы байланыш түзүп кеттик”, – дейт ал.

Эскерте кетсек, Лейлек районунун Максат айылындагы талкаланган үйдөн ээсин күтүп жаткан ит табылган. Итти таап алган журналисттер ага лейлектик Хатико атын беришкен.

0