Ɵткɵн жылы «кухняда» олтуруп алып соц.сеттерге түз эфирге чыгып, бийликке каршы чыккан сɵздɵрү менен элдин башын айтланткан Сыймык Жапыкеев эгер бийликке келип калса мамлекетти тоногон 10 олигархты «кустуруп» туруп сырткы карызды тɵлɵп салам деп күпүлдɵчү. Элди кадимкидей ишендирчү. Анан эле парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингг чыгып, октябрь окуялары болуп кетти. Бийлик алмашуунун шарапаты менен жылдызы жанган Жапыкеев Экономикалык кылмыштарга каршы күрɵшүү кызматынын эки тизгин, бир чылбырын колго алган. Кызматка жеткенден кийин баягы «кухнядагы» убада берген күндɵрүн унутуп: «Мен иштеп атам, ɵлкɵнү карыздан куткаруу үчүн аракет кылып атам. Мынча миң АКШ долларын сунуштаса да албай койдум», — деген куру популисттик сɵздɵрү менен гана соц.сеттерге чыгып калган эле. Анан кызматка жеткенден кийин «ат кɵрбɵгɵн минип ɵлтүрɵт» болуп ишкерлерди ар тараптан текшерип, кысымга алып, «маски шоу» менен коркутуп текшерүүгɵ барып опузалап атканы да кеңири сɵз болгон. Айтор, кыска мɵɵнɵткɵ «Финполду» жетекген Сыймык Жапыкеев азыр алдыңкы байлардын катарына кошулуп калды. Жакында ал жетектеген тармак таптакыр жоюлду. Сыймыгыбыз баягы Пушкиндин «алтын балык» жомогундагы жыртык тепшисин кучактап отуруп калган ач көз кемпирдин кейпин кийди. Азыр башына кара булут айланып турат. Дегенибиз, эсиңизде болсо Жапыкеев жетектеген Эккономикалык кылмыштарга каршы күрɵшүү кызматынын кызматкери 60 млрд. сомго байланышкан кылмыш ишти жашыруу үчүн 180 миллион пара талап кылып кармалбады беле. Мына ушул чуулу иште Жапыкеевдин кулагы кɵрүнүүдɵ. Далилденсе, жакында камакка алынып калышы ыктымал. Эми Жапыкеев «кухня» эмес «спальнядан» видео кайрылуу жасаса дагы ишенбей калдык го…
Булак:Де-Факто