Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда лицензиялык мелдештерге даярданууда

179

 Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы лицензиялык мелдештерге даярданууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында машыгуулар өтүүдө.

Окуу-машыгуу жыйын 10-мартта старт алган жана 19-мартка чейин уланат.

Жыйынга төмөнкү спортчулар катышууда:

1. Айсулуу Тыныбекова, 62 кг;

2. Айпери Медет кызы, 76 кг;

3. Мээрим Жуманазарова, 68 кг;

4. Нураида Анаркулова, 57 кг;

5. Назира Марсбек кызы, 57 кг;

6. Калмира Билимбек кызы, 57 кг;

7. Бермет Нурдин кызы, 57 кг;

8. Дильноза Сазанова, 62 кг;

9. Жаркынай Нурланбек кызы, 59 кг;

10. Назик Мирлан кызы, 50 кг;

11. Айданек Мелисбек кызы, 53 кг;

12. Сезим Жуманазарова, 59 кг;

13. Танчолпон Кыбалбекова, 59 кг.

0