НАТОнун лидерлери Кытайдын аскердик-экономикалык кубаты өсүп жатканын, дүйнөлүк кибер коркунучту жана альянстын эл аралык аренадагы ролун талкуулашты.
Жолугушууга негизги мүчө өлкөлөрдүн гана башчылары катышты, жыйын көпкө созулган жок, бир нече саатта бүттү. Башкы катчы Йенс Столтенберг бул жыйынды алдыдагы дүйнөлүк көп процесстер үчүн абдан бурулуш мааниде болду деп атады.
Атап айтканда, ал альянс көп мамлекеттерге коркунуч туудуруп жаткан Кытайдын таасиринин күчөшүнө каршы турушу керек деп билдирди. Өнөктөштөр бул маселе боюнча бирдиктүү позицияны макулдашмак болууда.
Негизинен НАТО Кытайдын өсүп жаткан аскердик кубатынан чочулап, ошондой эле анын коммунисттик идеологиясы альянска мүчө өлкөлөрдүн демократиялык нарктарына зыянын тийгизет деп жатат.
Соңку жылдары Кытай Африкада дагы аскердик базаларын ачып, активдүү болуп баратат. Кытай менен Орусиянын биргелешкен аскердик машыгууларын дагы НАТО аскердик булчуңду көрсөтүү деп кабыл алды.
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг буга чейин Орусия менен Кытайдын аскердик мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын эскертип келди.
«Орусия өзөктүк куралдарын жаңылап жатат жана түндүк тарапта, Сирия менен Ливияга чейин заманбап аскердик ракеталарын жайгаштырууда. Беларус менен Тоолуу Карабахтагы кризистен улам Москва аскердик аракеттерин күчөттү»,-деп айткан эле Столтенберг.
Президент Путин өз кезегинде СССР ыдыраганына карабастан альянс чек арасын Орусияга жакындатканын айтууда.
«Европанын коопсуздугу»
Кансыз согуш доорунда НАТОнун негизги максаты СССРге каршы коопсуздукту сактоо эле
Түндүк атлантикалык конвенция уюму (НАТО) кансыз согуш доорунда 1949-жылы негизделген. Уюм саясий жана аскердик альянс катары куралып, негизги максаты СССРдин коркунучунан Европанын коопсуздугун сактоо болчу.
29 мамлекет мүчө болгон уюмду дүйнөдөгү эң ийгиликтүү аскердик альянс деп аташканы менен, анын келечеги арсар деген пикирлер айтылып келди. НАТО негизги максаты катары «эркиндикти, орток мурасты жана маданиятты коргоо» деп жазат жана мүчө мамлекеттер «Түндүк Атлантика аймагындагы туруктуулукка» өбөлгө болот деп айтылат.
НАТОго мүчө болгон мамлекетке каршы аскердик кол салуу болсо, бул альянстын баарына агрессия катары саналып, мүчө мамлекеттер жааматтык коргонууга өтөт. Башкача айтканда, Европанын коопсуздугу «Түндүк Америкадагы мамлекеттердин коопсуздугуна ажырагыс байланышта» экени айтылат.
Түндүк атлантикалык конвенция уюмун Европанын он мамлекети жана АКШ менен Канада негиздеген. Бул мамлекеттер Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Советтер Союзунан кооптонуп, СССРдин аскердик кубатына туруштук берүү максатында биригишкен.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССР Европанын чыгышында миңдеген аскерин жайгаштырып, Европада өзүнө ыңгайлуу лидерлерди дайындаган эле. Чыгыш Германия менен Батыш Германия бөлүнүп, Советтер Союзу Берлиндин батыш тарабын блокадага алганда, АКШ, Британия жана Франция сыяктуу мамлекеттер Берлинге учак менен азык-түлүк жеткирүүгө аргасыз болгон.
Ошондон улам АКШ жана 11 башка мамлекет (Улуу Британия, Франция, Италия, Канада, Норвегия, Бельгия, Дания, Нидерланддар, Португалия, Исландия жана Люксембург) аскердик альянс түзүүгө шашты. 1952-жылы уюм кеңейип, Греция менен Түркияны кошкон. 1955-жылы НАТОго Батыш Германия кошулган.
1999-жылдан тарта НАТОго Европанын чыгышындагы мамлекеттер бирикти. 2017-жылы июнь айында Монтенегро кошулганда, НАТО 29 мамлекеттен турган альянс болуп калды.