Кытай Кыргызстан мамкарызды төлөө мөөнөтүн жылдырганы үчүн кошумча төлөм талап кылбайт

57

Кытай Эл Республикасынын (КЭР) тышкы иштер министри, Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Ван И кытай тараптын Кыргыз Республикасынын КЭРге мамлекеттик тышкы карызын төлөө мөөнөтүн узартканы үчүн кошумча төлөм талап кылбай тургандагы тууралуу чечимин билдирди.

КР ТИМден маалымдагандай, кытай тарап мындай чечимди Сиань шаарында КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Мамлекеттик кеңештин мүчөсү, КЭРдин тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуусу учурунда айтты.

Министр Ван И КРнын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүдөгү аракетин жогору баалады.

“Тараптар аймактагы тынчтыкты жана ынтымакты сактоо, Борбор Азияда коопсуздук жана туруктуулукту камысздоо, жаралган маселелерди сүйлөшүулөр жолу менен чечүүгө умтулуу аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү үчүн чечүүчү мааниге ээ экендигинде бирдиктүү болушту. Кытай тарап муктаждыктар жана керектөөлөр боюнча кошумча так маалымат берилгенден кийин КРнын жаңжалдуу аймактан жабыркаган жашоочуларына жардам көрсөтүугө даяр экендигин билдирди”,-деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2022-2023-жылдарга КЭР ТИМи менен КР ТИМинин ортосунда кызматташтык программасына кол коюлду. Басып чыгаруу

0