Кытай: АКШнын аракети Тайван кысыгында коркунуч жаратууда

262

Америкалык Barry (“Бэрри”) ракеталык эсминецинин Тайван кысыгы аркылуу өтүшү аймактагы коопсуздукка шек келтирерин Кытайдын аскеринин чыгыштагы өкүлү Ши И 18-сентябрда билдирди.

WeChat (“Вичат”) социалдык тармагына жарыяланган билдирүүдө аскерлер Кытайдын бүтүндүгүн, эгемендигин, коопсуздугун жана аймактагы тынчтыкты коргоо үчүн күжүрмөн даярдыкта турганы жазылган.

“Аскер кемесинин Тайван кысыгында пайда болушу – АКШнын аймактын коопсуздугуна коркунуч туудуруучу, туруксуздаштыруучу факторунун бир далили”, – деп белгилеген Ши И.

Расмий Бээжин аймакта АКШнын аскер кемелери пайда болушуна нааразы экенин, муну чагым катары кабыл алары жазылган.

17-сентябрда АКШнын ракета ташыган Barry кемеси Тайван кысыгы аркылуу өткөнү маалымдалган.

АКШ Куралдуу күчтөрү бул билдирүүгө жооп кайтара элек.

0