Кыргызстанга Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер келет

326

Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти, дзюдо боюнча 7-дан кара курдун ээси Мариус Визер Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле делегациянын курамында Азия дзюдо союзунун президенти Обайд Аль Анзи бар.

Иш сапардын негизги максаты – Борбор Азиядагы дзюдонун өнүгүшү жана 2021-жылы Кыргызстанда өтүүчү дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын жана Кыргыз дзюдо академиясында ачылышына катышуу болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, делегация Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президентинин чакыруусу менен келет.

Маалымат үчүн:

Эл аралык дзюдо федерациясы (англ. International Judo Federation, IJF) 1951-жылы июль айында түзүлгөн.

IJFтин баш кеңсеси Венгриянын Будапешт шаарында жайгашкан.

0