Италияда эл аралык “Cultura in movinento» онлайн сынагы өтүп, Кыргызстандан катышкан Чүй райондук маданият үйүнүн «Жылдыз» бийчилер 1-орунду багындарды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, сынакка жалпысынан 37 ѳлкѳ катышкан, катышуучулардын курагы 11-12 жашты түзгөн.
«Жылдыз» фольклордук ансамбли бул сынакта «Муха-Цокотуха» бийи менен “Эстрадалык бий” номинациясына катышкан.
“Бул бий Парижде өтө турган эл аралык сынакка катышуу үчүн 2020-жылы даярдалган. Бирок, пандемияга байланыштуу иш-чара өтпөй калган. Мындан улам, ансамбаль Италияда өтүүчү эл аралык онлайн сынакка катышуу үчүн видеолор жана сүрөттөрдү жөнөткөн. Сынак аяктаган соң, 1-орунду алгандыгы жана 300 еврого ваучерди берилгендиги тууралуу маалымат электрондук кат менен келген”,-дейт ансамблдин жететекчиси Быкова Наталья Александровна.
Эске салсак, «Жылдыз» фольклордук ансамбли эл аралык, республикалык, аймактык жана шаардык мелдештерде байгелүү орундарды алып келген.