Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы Бангладешти жеңди

345

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Азия чемпионатынын борбордук зонасында Бангладештин командасын жеңди.

Непалдын Катманду шаарында өтүп жаткан мелдеште Кыргызстандын курамасы Бангладештин командасын 3:0 эсебинде жеңген. Кыргызстандын командасы буга чейин Непал жана Индиянын командаларынан жеңилген.

Эми команда турнирде 5-8-орундар үчүн ойноп, алгач “В” тайпасында 4-орунду ээлеген команда менен беттешет.

Мелдешке 8 мамлекеттен – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Непал, Шри-Ланка, Бангладеш, Мальдив жана Индиядан келген курама командалар катышып жатат.

Белгилей кетсек, Азия чемпионатынын борбордук зонасы Непалдын Кутмандуу шаарында 20-май күнү башталып, 30-майга чейин уланмакчы.

0