Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды

25

 Ош жана Баткен облустарынын чектеш аймагында жер титирөө болгонун Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-мартта саат 05:39да очогунда күчү 3,5 балл болгон жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында катталган.

Тактап айтканда, жер титирөөнүн очогу Кара-Тейит айылынан түштүк-батышка карай 38 чакырым, Карамык айылынан түштүк-батышка карай 40 чакырым, Шибээ айылынан түштүк-батышка карай 48 чакырым, Баткен, Ош шаарынан түштүк-батыш тарапты карай 185 чакырым аралыкта жайгашкан.

0