Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Россиянын ачык чемпионатына катышат

280

Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Россиянын ачык чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 3-9-апрелде Казань шаарында өтөт.

Спортчуну башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов коштоп барат.

Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен Казань шаарына жөнөтүлөт.

0