17-июнда Германияда өткөн «Colors of voice» эл аралык сынагында Кыргызстандан барган Сайкал Акибаева экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.
Сынактын жобосу боюнча Сайкал сынактын жеңүүчүсү катары 750 доллар жана атайын статуэтка менен сыйланат.
Сайкал учурда Кара -Балта шаарындагы балдар музыкалык мектебинде окуйт.
Эске салсак, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ушул жылдын апрель айында аталган сынакка катыштыруу максатында Сайкал Акибаеванын тиешелүү документтерин даярдап жөнөткөн.