Кыргызстандык окуучу кыз европалык математикалык олимпиадада коло медаль алды

188

Кыргызстандык окуучу Кыздар үчүн европалык математикалык олимпиадада коло медаль алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-апрелинен 15-апрелине чейин Грузиянын Кутаиси шаарында өткөн Кыздар үчүн европалык математикалык олимпиадага (European Girls’ Mathematical Olympiad, EGMO) 54 өлкөдөн 213 окуучу кыз катышты.

Мелдеш Эл аралык математикалык олимпиаданын модели боюнча уюштурулуп, алты тапшырманы камтыйт. Команданын курамына төрткө чейинки сандагы окуучу кыз кирет. Кыздар үчүн европалык математикалык олимпиада 2012-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

Кыргызстанда олимпиада «Газпром Кыргызстан» мектебинин базасында дистанттык режимде өттү. Кыргызстандын атынан төмөнкү окуучулар катышты: Анарбай кызы Элнура «Айчүрөк» лицейи, Мырсабекова Алина «Газпром Кыргызстан» мектеби, Ишанкулова Каринахо «Газпром Кыргызстан» мектеби, Давыдова Виктория №61 мектеп.

Алардын арасынан «Айчүрөк» лицейинин окуучусу Анарбай кызы Элнура коло медалдын ээси болду.

Белгилей кетсек, кыргызстандык окуучу кыздар бул олимпиадага алгачкы жолу дистанттык режимде катышты. Команданын негизги бөлүгүн «Газпром Кыргызстан» мектебинин мугалими Мамат Ишматов машыктырды.

0