Кыргызстандык балбандар Түркиядагы эл аралык мелдеште 5 медаль багындырышты

254

Кыргызстандык балбандар Түркияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште 5 медаль багындырышты. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 18-20-июнда Стамбул шаарында өттү.

Жоламан Шаршенбеков күмүш, Атабек Азисбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков жана Калидин Асыкеев коло медалды жеңди.

0