Кыргызстандык Айжан «Жер сулуусу — 2022» эл аралык сынагында сыйлыкка ээ болду

277

Кыргызстандык Айжан Чаначева «Жер сулуусу — 2022» эл аралык сынагында сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу «Кыргызстан сулуусу» сынагынын улуттук дирекциясы кабарлайт.

Дирекция билдиргендей, 23 жаштагы Айжан сынактын орто чениндеги пляждык кийимдер этабында Miss Congeniality наамын (темага дал келген көрүнүш) утуп алган. Ага катышууга кыргызстандык бийкеч эки кече көйнөгүн даярдаган, биринчиси пляжга чыгууга, экинчиси салтанаттуу кечеге ылайыкталган.

Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан конкурска 91 өлкөдөн барган сулуулар катышууда.

0