Кыргызстанда жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыппулду азайтуу пландалууда — премьер

123

Кыргызстанда жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыппулду азайтуу пландалууда. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн Facebook`тагы баракчасынан түз эфирге чыгып билдирди.

Анын айтымында, бул азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдардын кымбатташына байланыштуу.

“Мен кодекстерге өзгөртүү киргизүү менен жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыппулду азайтуу боюнча өкмөттүн токтомун иштеп чыгууга тапшырма бердим. Жакынкы арада мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет”, – деди Марипов.

0