Кыргызстанда жарандар коронавируска каршы вакцинанын 2-дозасын ала башташты

194

Кыргызстанда акыркы бир күндө 1 миң 435 адам вакцина алса, алардын ичинен 108ине вакцинанын 2-дозасы сайылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, өлкө аймагында жалпы 12 миң 265 адам эмдөөдөн өттү.

Аймактар боюнча алганда:

– Бишкекте – 1 104 адам вакцина алды;
– Ош шаарында – 1 106;
– Чүй облусунда – 1 259;
– Ош облусунда – 4 120;
– Ысык-Көл облусунда – 938;
– Талас облусунда – 372;
– Нарын облусунда 562;
– Жалал-Абад облусунда – 2 259;
– Баткен облусунда – 545.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

0