Кыргызстанда пенсияны алтын түрүндө топтоо сунушталууда

151

Жогорку Кеңештин депутаты С.Ибраев мыйзам долбоорун демилгелеп, анда пенсияга байланыштуу бир катар мыйзамдарга өзгөртүлөөрдү киргизүүнү сунуштайт.

Документке ылайык, үч пенсиялык фонд түзүү сунушталат:

  1. Камсыздандыруу фонду – бардык негиздер боюнча алына турган эмгек акыдан 2%. Мында негизги көңүл пенсиялык системанын тилектештик бөлүгүнө бөлүнөт, ал майыптыгы боюнча жана багуучусун жоготкон учур боюнча пенсияларды төлөө үчүн пайдаланылат.
  2. Негизги фонд – бардык негиздер боюнча алына турган эмгек акыдан 13% өлчөмүндөгү салым. Пенсиялык мыйзамдарда белгиленген мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу стажына (эркектер үчүн – 25 жыл, аялдар үчүн – 20 жыл) ээ болгон адамдарга пенсиянын мамлекет кепилдеген бөлүгү.
  3. Топтолмо фонд – бардык негиздер боюнча алына турган эмгек акыдан 13% өлчөмүндөгү салым. Жарандардын өздүк пенсиялык эсептерине чегерилет. Бул фонддун каражаттары негизги эсептердин кармоочуларына пенсияларды төлөөгө каражаттарды чогултууга багытталат.

Камсыздандыруу фонду бардык мезгилдерде стабилдүү жана өзгөрүлбөгөн бойдон калат.

Базалык фонд пениоснерлерге учурдук төлөмдөрдү төлөө үчүн түзүлөт.Экономиканы модернизациялоо боюнча долбоордун башталышында бул көбүн эсе жетишсиз болуп саналат. Пайда болгон тартыштык бюджеттин эсебинен жабылат. Биздин концепциябыздын үчүнчү фонду жаңылык болуп саналат ошондуктан, аны кененирээк кароо керек.

Пенсияга чыкканда ар бир жаран ал өзү эмгек акысынан чегерген пенсиялык топтолмолордун суммасын ушул фонд аркылуу ала алат. Мындай мамиле жасоо адилеттүү болуп эсептелет. Ким канча иштесе ошончо пенсия алат деген ушул болот.

Мамлекет бул эсептерге кийлигише албайт. Буга кошумча, пенсиялык топтолмолордун коопсуздугу тийиштүү мыйзамдар менен корголууга жана конституциялык норма болуп калууга тийиш.

Топтолмо фонд – бул, жаран пенсиялык жаш куракка жеткенге чейин сала турган узак мөөнөттүү салым. Ошентип, негизги проблема бул каражаттарды инфляциядан кантип коргоо керектигинде турат. Эгерде муну жасабасак, адам пенсияга чыкканда бул суммага жашоого ага мүмкүн болбойт.

Улуттук валютабыз алсыз болууда, ал эми кыргызстандык компаниялардын акциялары – узак мөөнөттүү келечекке карата алганда өтө тобокелдүү болуп саналат, аларды чет өлкөлүк валютага жана глобалдыккомпаниялардын акцияларынаинвестициялоо мүмкүн эмес, ошондуктан биз чет өлкөлүк эмес,өзүбүздүн экономикабызды өнүктүрүшүбүз керек. Кырдаал татаал. Ошентсе да биз проблеманы чечүүнүн жолун сунуш кылып жатабыз.

Алтын. Акыркы жүз жылдаалтындын наркыАКШ долларына карата дээрлик 100 эсеге жана азыркыкылымдын башынан бери болжол менен жети эсегеөстү.

Пенсиялык топтолмо фонддун жарымыналтын менен, ал эми экинчи жарымын улуттук валюта менен түзүү сунушталат. Бул болсо пенсиялык фонддордун бекем ишенимдүүлүгүн камсыз кылат.

Алсыз болуп келе жаткан улуттук валютабыздыкүчтүү алтындын орчундууүлүшүнө айкалыштыруу Кыргызстан жарандарынын пенсияларынвалютасы күчтүү өлкөлөргө салыштырганда баалардын төмөн түшүүсүнөн коргойт. Биздин өз алтыныбызды өзүбүз өндүрүп алуубуз Кыргыз Республикасындагы алтындын негизги булагы болуп калат. Кыргыз Республикасында алтын көп, убакыттын өтүүсү менен алтыныбыз экономикада улам барган сайын маанилүү роль ойной тургандыгы шексиз.

Кийинки маселе: алтын мурдагыдай эле «керексиз жүкпү»? Эгердеалтын «керексиз жүк» бойдон калса, жарандардын пенсиялык топтолмолорун жоготуп коюу тобокелдиги жогору бойдон калат, бул болсо чыныгы алаамат болуп калмакчы. Ошондуктан биз башка чечимди сунуштап жатабыз.

Ар бир үч жылда жарандар өздөрүнүн пенсиялык топтолмолорунун жарымын улуттук валютада алтынга конвертациялоого жанабул каражаттардытурак жай жанакоммерциялык кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн пайдаланууга укуктуу болот (бирок милдеттүү болбойт).

Азыраак суммага үй сатып алуу мүмкүн эмес. Бирок алтынды бул максаттар үчүн үч жылдан ашкан бир топ узак убакыт өткөндөн кийин дагы пайдаланууга болот. Ошондой эле, адам түздөн-түз туугандарына каражат чогултууга уруксат бере алат.

Салымдарды ар түрдүү фонддого бөлүштүрүү убакыттын өтүүсү менен өзгөрүп турушу керек. Мисалы, базалык фондго салымдар ар бир үч жылда 1%га азайышы , ал эми топтолмо бөлүккө салымдар1%гакөбөйүшү мүмкүн. Тилекке каршы, бул болсо көп каражат топтой албай өлгөнпенсионерлердин санынын акырындап азая башташына байланышкан.

Негизги фондго чегерүүлөрдү азайтуунун эсебинен топтолмо фондду 1%га көбөйтүү, ошнодой эле топтолмо фондго эмгек акылардан чегерүүлөрдүн деңгээлин 1%га жогорулатуу максатка ылайыктуу болот. Иштеп жаткан жарандар үчүн жөлөк пулдарды көбөйтүү орчундуу болбойт, бирок пенсионерлерге убакыттын өтүшү менен жашоо-турмуш деңгээлин бир кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Барып-келип базалык блок толук бойдон «жоголуп кетпөөгө» тийиш. Кандайдыр бир себептер менен ийгиликтүү иштей албаган жана жакшы эмгек акы албаган адамдар ар дайым эле болуп келген. Ошондуктан, мисалы, калктын мындай катмарларын колдоого алуу үчүн ушул минимум 5-8% деңгээлинде белгилениши жана андан ары төмөндөтүлүшү мүмкүн.

Пенсиялык фонддордун сунушталып жаткан бөлүштүрүлүшү эксперттик мүнөзгө ээ жана бул маселенитарамдап иликтөөдө түшүндүрмө берүүнү талап кылат. Мында пенсиялык топтолмолордо алтындын үлүшү канчалык аз болсо, ал баалардын төмөн түшүүсүнөн ошончолук аз корголот, кыймылсыз мүлктү финансылоо үчүн дарамет ошончолук аз болот, бул болсо экономиканын эң маанилүү секторлорунун өсүшүн кечеңдетет.

Сингапурдун тажрыйбасы көрсөткөндөй, пенсиялык топтолмолорду пайдалануунун мындай схемасы күчтүү курулуш тармагын түзүүгө, калкты турак-жай менен камсыздоого жана дүйнөлүк финансылык борбор үчүн офистик структураны курууга мүмкүндүк берди.

Пенсияга чыккандан кийин жарандарга өздөрүнүн жеке пенсиялык эсептериндеги бардык каражаттарды «шашылыш алууга» уруксат берүүгө болбойт. Каражат алуунун ар айлык максималдуу ченемин белгилөө зарыл. Мунун эсептөөсү жөнөкөй эле – топтолгон сумманы кызмат кылуунун аяктоосунун болжолдонгон мөөнөтүнө чейин калган айлардын санына бөлүү керек. Жыйынтыгын чыгарып, буга дагы эки-үч жылды кошуу керек, бул болсо адамдарда карыганда нанга акчасы калышы үчүн керек. Адам өлгөн учурга карата бардык каражаттар коротулбаган болсо, алар анын мураскерлеринин топтолмо пенсиялык фонддоруна которулат.

Пенсионерлерге акчалар улуттук валютада төлөнүп берилет. Бул учурда алтын – төлөм каражаты эмес, ал болгону антиинфляциялык актив болуп саналат. Пенсионерге тийиштүү болгон сумма улуттук валюта түрүндө тең үлүштөрдө жана каражаттарды алтынга конвертациялоо жолу менен төлөнөт.

Башка бир маанилүү маселе – Кыргыз Республикасынын жарандарына алтынды пенсиялык эсептерде топтоонун натыйжалуу жол-жобосун кантип камсыз кылуу керек? Мында кеп миллиондогон жашоочулар жөнүндө болбоого тийиш. Тилекке каршы, дүйнөдө азыркы убакта мындай технологиялар бар – тез өнүгүп жаткан, блокчейн технологияларына негизделген цифралык платформалар, алар акчаны улуттук валютада да, ошондой эле алтын түрүндө да сактоону кепилдейт. Болгону аларды Кыргызстандын финансылык рыногуна чыгаруу гана калат.

0