Кыргызстанда медкызматкерлер коронавирустун мүмкүн болгон жаңы толкунуна даярданууда

41

Коронавирус инфекциясынын мүмкүн болгон жаңы толкунуна даярдануу үчүн Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башкы штаттан тышкаркы адистери дарыгерлер менен медайымдардын мультидисциплиналык командаларын кайра даярдоодо.

Министрликтен билдиришкендей, окутуу 22-27-мартта Ош шаарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында өттү.

Медайымдардын мультидисциплиналык командасынын курамына жугуштуу оорулар боюнча алдыңкы адистер, пульмонологдор, реаниматологдор, кардиологдор, педиатрлар, акушер-гинекологдор, терапевттер, үй-бүлөлүк дарыгерлер, невропатологдор, эндокринологдор жана медицинанын башка тармактарынын өкүлдөрү кирет.

Окутуу Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустары жана Бишкек шаарында уланып, 10-апрелге чейин жыйынтыкталат.

0