Кыргызстанда курулуш материалдары кымбаттады

424

Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы 18 калктуу конушка иликтөө жүргүзүп, натыйжада курулуш материалдары 2020-жылдын апрель айына карата быйыл бир топ эсеге кымбаттаганын аныктады.

Цементтин баасы 50 килограммына орто эсеп менен 306 сомго сатылып, былтыркы апрелге салыштырмалуу 9%ке өскөн. Кирпичтин миң даанасы быйыл 7 262 сом болуп, бир жылда 14%ке кымбаттады.

Жумгал району бир мүшөк цемент 374 сомго сатылып, өлкөдөгү бул товар эң кымбат бааланган аймак болуп калды. Бишкекте бир кап цемент 297 сомго чыкты. Миң даана кирпич эң кымбат сатылган шаар 13 228 сом болуп, Токмок экени аныкталды. Кербен жана Кара-Суу шаарларында миң кирпич эки жарым миңден үч миң сомго чейин сатылып жатат.

Азык-түлүк, күндөлүк турмуш тиричилик буюмдарынын баасы былтыртан бери бир нече эсе өстү. 

0