Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 89,3 миңден ашты

79

Кыргызстанда акыркы суткада 3 миң 54 адам коронавируска каршы вакцина алды, анын 2 миң 473үнө экинчи доза сайылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча коронавируска каршы вакцинаны жалпы 89 миң 314 адам алды, анын ичинен 52 миң 760ына экинчи доза сайылды.

Аймактар боюнча алганда:

– Бишкекте – 21 миң 557;

– Ошто – 7 миң 505;

– Чүй облусунда – 15 миң 81;

– Ош облусу – 12 миң 16;

– Ысык-Көл облусу – 8 миң 293;

– Талас облусу – 4 миң 454;

– Нарын облусу – 4 миң 557;

– Жалал-Абад облусу – 11 миң 773;

– Баткен облусу – 4 миң 58.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

0