Кыргызстанда коронавируска каршы 100 адам эмдөөдөн өттү. Кимдер жана кайсы аймакта?

279

Кыргызстанда бир күндө коронавируска каршы 100 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 29-мартта Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталган.

“Эмдөө Бишкек, Сокулук, Ысык-Ата райондорунда жана Ош шаарында жүрүүдө. SinoPfarm вакцинасынын 1-дозасын 100 адам алды. Бишкекте 40 медкызматкер, бир мугалим жана 65 жаштан жогору курактагы бир адам вакцина алды. Чүйдө 1-дозаны 30 адам алды. Анын 29у медик жана бирөө улгайган адам. Ош шаарында 28 медкызматкер эмделди”, – дейт ал.

Акматова бардык эмделген жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, карточка берилгенин айтат.

Эскерте кетсек, Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасынын биринчи дозасын алгачкылардан болуп шаардагы №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана анын орун басарлары алган.

0