Кыргызстанда дагы 100дөн ашык адам коронавируска кабылып, бирөө каза болду

133

 Кыргызстанда бир суткада коронавирус 113 адамдан табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте – 61, Чүй облусунда – 44, Ысык-Көл облусунда – 5, Нарын облусунда – 3 кишиден илдет табылган.

“Ал эми бир сутка ичинде 70 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бишкекте – 33, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 19, Ош облусунда – 13 жана Нарын облусунда – 4 киши айыкты. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир адам каза болду”, – дейт ал.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 530 бейтап, амбулатордук түрдө 577 адам дарыланууда.

Акматова кошумчалагандай, бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 245 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 197 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 276 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 723 киши айыгып чыкса, 1 миң 498 адам каза болду.

0