Кыргызстанда бир суткада 1357 адам вакцина алып, алардын жалпы саны 13 миң 552ге жетти

36

Кыргызстанда акыркы бир суткада 1 миң 357 адам вакцина алса, алардын ичинен 70ине вакцинанын 2-дозасы сайылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, өлкө аймагында жалпы 13 миң 552 адам эмдөөдөн өттү.

Аймактар боюнча алганда:

– Бишкекте – 1 292 адам вакцина алды;
– Ош шаарында – 1 203;
– Чүй облусунда – 1 421;
– Ош облусунда – 4 322;
– Ысык-Көл облусунда – 1107;
– Талас облусунда – 436;
– Нарын облусунда 592;
– Жалал-Абад облусунда – 2 479;
– Баткен облусунда – 700.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

0