Кыргызстан Сириядагы жарандарынын айрымдарына жардам берүү тууралуу чечим кабыл алды

21

Кыргызстан Сирияга кетип, мекенине кайта албай жаткан жарандарынын айрымдарына жардам берүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу 10-мартта парламенттин жалпы жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып юстиция министринин орун басары Марат Канулкулов билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн жаңы кабыл алынган буйругунун негизинде жаза чарасы каржылык санкция түрүндөгү кыргызстандыктарга жардам берүүгө жол ачылат:

“Биздин мамлекет алардын айыппулун төлөө милдетин өзүнө алууда, андан кийин алар кайтарылат”.

Министрдин орун басары белгилегендей, Сирия жана Ирак менен Кыргызстандын ортосунда эркинен ажыратылган жарандарды өткөрүп берүү тууралуу макулдашуу жок, андыктан мындай жазасын мекенинде өтөө үчүн шарт түзүү азырынча мүмкүн эмес.

Кыргызстандан кетип, Сирия менен Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында жүргөн кыз-келиндердин көпчүлүгү күйөөсүн ээрчип баргандар экенин 16-февралда диний радикализмди алдын алуу боюнча иштеген «Азия Групп» фонду билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

0