«Кыргызстан» партиясы 2016-жылы Бишкектиктерге берген убадаларын «сууга агызып» жиберип, уялбай кайра шайлоого аттандыбы?

500

Эсиңиздерде болсо, 2015-жылы парламенттик шайлоонун алдында пайда боло калып эле каражатынын күчү менен Жогорку Кеңешке кирип кеткен айтылуу «алькомагнат» Шаршенбек Абдыкеримов негиздеген «Кыргызстан» деген партия бар эмес беле. Аталган партия ошентип капчыктын күчү менен Жогорку Кеңештен орун алгандан кийин «эки тоонун чɵбүн эңсеп» 2016-жылы Бишкек Шаардык Кеңештин депутаттыгына аттанган эле. Жыйынтыгында Шаардык Кеңештен 5 мандатына араңдан зорго ээ болушкан. Андан бери 5 жыл ɵттү. Беш жыл бою «Кыргызстан» фракциясынын эмне иш кылганын эмес, ким деген депутаттары бар экенин да билген жокпуз. Шаардык Кеңеште «Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп жүргɵн Куванычбек Конгантиев бул жылкы шайлоодо «НДПК» деген партияга «тийип» кетиптир. Азыркы тизмеде «бала Конгантиев» гана эмес, 2016-жылы мандат алып келген беш депутаттын дээрлик баардыгы тең жок. Таптакыр башка адамдар жүрɵт. Эми кептин тɵркүнүнɵ келели, партия 2016-жылы элге берген убадасынын канчасын аткарды? Жок дегенде жазуу түрүндɵ отчет бериштиби? Же ал убадаларды толугу менен «сууга агызып» жиберип кайра уялбай эле шайлоого аттаныштыбы? Кичине бет болуш керек да туурабы? Шайлоо болгон сайын улам жаңы жүздɵрдү алып чыгып убада бере бергенден «Кыргызстан» партиясы уялбаса, бул партиядан эл уяла баштады, эй! Ɵзɵгүнɵн алып караганда «Кыргызстан» партиясынын бул ирет Бишкек Шаардык Кеңешке талапкер болгонго моралдык укугу жок болчу…

Нургазы Айтмырзаев

Булак:Де-Факто

+1