Балбан кызы Мээрим Жуманазарова Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын байге уткандан кийин Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде 5-орунг а көтөрүлдү.
Муну менен Кыргызстандын капчыгында жалпы 5 медаль бар, алардын экөө алтын, бири күмүш жана экөөсү коло байге.
Эскерте кетсек Мээрим Жуманазарованын алтын медалы кыргызстандык балбандардын Ослодогу Дүйнө чемпионатында уткан бешинчи медалы. Буга чейин балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) күмүш жана Алибек Осмонов коло байге (65 кг) тагынган.