Болгария Республикасынын Президенти Румен Радев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Болгария Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктады.
«Ушул салтанаттуу күнү мен кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү жана элдерибиздин, мамлекеттерибиздин ортосундагы байланыштардын өз ара пайдалуу өнүгүшүн кааларымды билдирүүгө кубанычтамын.
Сизге чың ден соолук жана жогорку жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалап, менин эң жогорку урмат-сыйымды кабыл алыңыз”, – деп айтылат Румен Радевдун куттуктоосунда.
0