Кыргызстан алтын сатуу боюнча ишенимдүү өлкө, же Тенгиз мырзанын ишенимдүү адис экени далилденди!

956

Дагы бир жеңиш!!!

Кыргызстандын алтын сатуу боюнча ишенимдүү өлкө экени тастыкталды!

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) “Кыргызалтын” ишканасынын алтын аффинаждоочу заводуна “good delivery” макамын кайтарып бергени бүгүнкү күндүн маанилүү жаңылыгы.

“Good delivery” – “ишенимдүү жеткирүүчү”, же ишенимдүү өнөктөш деп которулат.

Мындай макамдын кайтарылышы менен “Кыргызалтындын” аффинаждоочу заводунда өндүрүлгөн алтын куймалары дүйнөдөгү “good delivery” макамы менен таанылган базарларга сатыла баштайт.

Чындыгында, “Кыргызалтын” акыркы бир жыл ичинде көптөгөн эл аралык аудит жана сынактардан өттү. Чоң иштер жасалды, аракеттердин акыбети кайтты.  “Кыргызалтын” ишканасы дүйнөгө ишенимдүү өндүрүүчү катары милдеттемелерди татыктуу аткарып жатканын көрсөттү жана далилдеп бере алды. Өндүрүлгөн алтын куймаларды тоскоолдуксуз сатууга жол ачылды. Бул Кыргызстандын экономикасына чоң салым болоору анык.

Экоминикабыздын өзгөчө маанилүү бутагы болгон алтын өндүрүү алкагындагы мындай чоң жетишкендикке алтын чыгаруу комбинатын ишке киргизгендердин бири – Теңиз Бөлтүрүктүн да салымы зор. Анын алтын багытындагы эл аралык тажрыйбасы, иш жана тил билгилиги да роль ойногону анык. Кезегинде президент С.Жапаров Теңгиз мырзаны чакыртып алып, алтын тармагын, дегеле тоо-кенди ишенип берип, көсөмдүк кылган экен.

Эске салсак, Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясы “Кыргызалтындан» аффинаж заводунун аккредитациясын былтыр сентябрда токтоткон. LBMA июнь айында алтын аффинаждоочу заводдогу “алдамчылыкка шек саноодон” улам текшерүүгө алып, аны менен Good delivery макамы да токтотулган. Бул дегендик,  “Кыргызалтын” өндүрүмүн Батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганы эле.

+1