Бишкек Шаардык Кеңештин азыркы чакырылышынын жыйындарын кɵрүп олтуруп «бул Кыргызстандын борборубу?» деген суроону ɵзүңɵ бересиң, эй! Жаңы ишке киришкен күнүнɵн баштап Шаардык Кеңештин тɵрагасы баш болуп жыйындын дээрлик 90%ын расмий тилде ɵткɵрүшɵт. Так кесе айтканда кыргызча суроо берсең орусча жооп аласың. Азыр тɵрага болуп олтурган «балконский» Куванычбек Конгантиев түшүнүп турса да кыргызча сүйлɵгүсү келбейт. Атасы Камбаралы Конгантиевдин кыргыздарда ɵчү бардай мамиле кылып келе жатканына бир топ убакыт ɵттү. Макул Конгантиев шаарда ɵсүптүр, бала кезинен тили расмий тилге кɵнүп калыптыр дейли. Бирок, эл кызматын аркалап, кыргыз ɵлкɵсүнүн борбор шаарынын жогорку кызматтагы адамы болуп аткандан кийин аракет кылып кыргызчаны милдеттүү түрдɵ үйрɵнүшү керек эле да. Мындай тил безээрге тɵрагалыктын эки тизгин, бир чылбырын берип койгон Шаардык Кеңештин депутаттарынын да жолу болсун! Шаарда ɵсүп, расмий тилден башка тил билбеген «киргиздер» Исхак Масалиевден үлгү алса болот. Эсиңиздерде болсо Исхак Абсаматович жаңыдан саясатка аралашкан кезинде кыргызча мыйзам жазмак түгүл, тыңыраак сүйлɵй алчу эмес. Азыр түшүңдү жооруп, Жогорку Кеңеште мыйзамыңды жазып берип такылдап олтурат. Кыргызча сүйлɵбɵгɵнгɵн уялыңыз, Куванычбек Камбаралиевич!
Булак:Де-Факто